Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасындагы сот реформасын «жаш балага» окшоп грамматикалык ката менен жазган киши жетектеген (сүрөт)

Президенттин аппаратынын мыйзамдуулук жана сот реформасы бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Манас Арабаевдин толтурган анкеталары шардана болду

Президенттин аппаратынын мыйзамдуулук жана сот реформасы бөлүмүн  элементардуу грамматикалык ката кетирген адам башкарган. Бул тууралуу фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу  «Судебный беспредел» тобунда билдирди.

Жогоруда аталган бөлүмдүн мурдагы чуулгандуу жетекчиси Манас Арабаев тууралуу кеп болуп жатат.

Бул билдирүүгө жарыя болгон Арабаевдин өз колу менен толтурган анкетасы күбө болуп жатат.

Аталган бөлүмдүн мурдагы жетекчиси анкетаны толтуруп жатып бир катар орфографиялык каталарды кетирген. Мисалы, ал же анын туугандары кылмыш жоопкерчилигине тартылды беле? деген суроого ал минтип жооп жазган:

«Жакын туугандарым жоопко тартылган эмес».

Соцтармактын колдонуучулары Манас Арабаевдин дагы мындай каталарын сындашат:

«1983-жылы Нарындагы №2 В.П. Чкалов атындагы орто мектепке окуп баштап жана аны 1994-жылы аяктадым»,

«Караколдун башкаруу жана укук институту»,

«2003-жылы факультетти аяктадым»,

«Аламүдүн равоинкомат».



Эске салсак, мурда Манас Арабаев соттордун үстүнөн басым жасагандыгы тууралуу айыпталган болчу. Бирок Башкы прокуратура факты аныкталган жок деп, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Ушул жылдын 15-майында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Арабаев ээлеген кызматынан бошотулган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх