Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркия кийинки көчмөндөр оюнун өткөргөндө буга чейин Кыргызстанда өткөн оюндарга көлөкөсүн түшүрүп койбойбу?

Эксперт мындан чочулоонун кажети жок деп эсептейт. Тескерисинче, биздин республика аларга оюнду өткөрүүгө жардам бериши керек, анткени ДКОнын мааниси өзгөрүп кетпеши керек

Өткөн жумада үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну аяктады, ал эми кийинки өткөрүү укугун Кыргызстан Түркияга өткөрүп берди. Бул темага карата бир канча талаш, тартыштар болду: кээ бир жарандарыбыз мойнубуздан оор жүктү алып салдык дешти, себеби бул иш чарага көп суммадагы каражат сарпталды да. Ошол эле учурда айрымдары биз кыргыз элин дүйнөгө таанытып жаткан брендден айрылдык дешти.

Болуп өткөн окуялардан улам мындай деген суроо туулат, чет мамлекетте өтө турган  төртүнчү көчмөндөр оюнунун мааниси ошол бойдон сакталып калабы? Эгерде Түркиядагы өткөн иш чара биздикинен мыкты өтө турган болсо, Кыргызстандын авторлугу унутулуп калбайбы? Ушулар тууралуу өз пикирин Vesti.kg сайтына туризм департаментинин мурдагы башчысы Максат Чакиев билдирди.

ДКОну Түркияга өткөрүп бергенибиз жакшы болду, ал мамлекет дээрлик Еврапа да, - деп белгиледи ал. - Бул көчмөндөр оюнунун кең дүйнөгө таанылышына түрткү берчү жер. Мени санааркаткан бир жери, түрктөр биздин концепсияны түшүнүп сактап кала алабы, анткени алар 1000 жылдан бери отурукташкан калк болуп калышты да. Балким түрктөр көчмөндңргң тийешелүү эмес кесиптик спорттун түрлөрүн кошуп жиберишсесечи. Ушундай кемчиликтерди болтурбоо үчүн биз ал жакка өзүбүздүн адистерибизди жөнөтүшүбүз абзел. Аларга тийешелүү деңгээлде иш чараны өткөрүүгө жардам беришибиз керек.

Максат Жолдошбекович түрк мамлекети Кыргызстанга караганда кеңири масштабда бул иш чараны өткөрө турган болсо, бул бизге эле пайда алып келчү нерсе деп эсептейт.

- Мен качандыр бир убакта көчмөндөр оюндарын кай жерде ойлоп чыгарышкандарын унутуп калышаарынан сар санаа болбойм, - дейт ал. - Олимпиаданы байыркы заманда эле ойлоп чыгарышкан, бирок бүгүнкү күнгө чейин Грециянын спортчулары биринчиликти бербей келет. Көчмөндөр оюну да ошондой болушу керек. Мен бул оюн Түркияда өтө кеңири масштабда өтөөрүнөн үмүт кылам. Анын үстүнө бул өлкөнүн Кыргызстанга караганда мүмкүнчүлүктөрү аябагандай зор.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх