Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: «Бизге англис тилинде эмес, кыргыз тилинде жана экономиканын тилинде сүйлөгөн премьер керек»

Рыскелди Момбеков чуулгандуу билдирүү жасаган Андрей Бельяниновго жооп кылбаган Мухаммедкалый Абылгазиевге сын айтты

Кыргыз элине англис тилинде эмес, кыргыз тилинде жана экономиканын тилинде сүйлөгөн премьер керек. Мындай билдирүүнү ЖК депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жыйынында айтты.

Эл өкүлү Кыргыз Республикасынын өкмөтүн сынга алды, анткени ал Евразиялык өнүгүү банкынын төрагасы Андрей Бельяниновдун сынына жооп бербей койгон.

- Бельянинов кыргыз өкмөтүнүн улам алмаша бергенинен чарчагандыгын жана адашып жаткандыгын билдирген, - дейт Момбеков. - Ал акча берели десек, эч нерсени түшүнүшпөйт дейт. Башкача айтканда, анын оюнча министрлер кабинетинде жалаң гана жиндилер иштейт экен. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага жооп берип койсо болот эле да? Ага Пушкидин же Путиндин тили менен жооп берип койсо болмок. Бирок ал анын ордуна көчмөндөр оюнунун жабылышында Черчилдин тилинде сүйлөп койду. Элге англисче эмес, кыргызча анан экономика тилинде сүйлөгөн премьер-министр керек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх