Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңешинин Кожобек Рыспаев тууралуу чыгарган чечимин аткарганга шашылбайт

Депутат Карамушкинанын айтымына караганда, «Социал-демократтардын» фракция лидери бул маселени коё туралы деген

Парламенттик «социал-демократтар» Кожобек Рыспаевди партиядан чыгаруу маселесин карашпайт. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына депутат Дастан Бекешев айтты.

- Күн тартибинде Рыспаевди талкуулоо каралган эмес, - деди ал. - Деги эле аны чыгарууга мыйзам жол берээрин тактоо зарыл адегенде. Бирок КСДПда мурун добуш берүү менен эле чыгарып салышчу партиядан.

Өз кезегинде анын кесиптеши Ирина Карамушкина бул маселени кароо боюнча фракция лидерине кайрылгандыгын белгиледи.
- Иса Өмүркулов мага муну коё туралы деди, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. - Канча убакыт коё турууну айткан жок. Рыспаевди партиядан чыгарыш керк, ал биздин партиянын мүчөсү эмес эми. Бирок эмне үчүн өзүн эркин сезип жүрөт билбейм. Чамасы төрага кандайдыр бир комиссия түзөт деп атат окшойт. Менин оюмча биз бул маселени карайбыз, албетте «жогору жак» кийлигишпесе.

Ирина Юрьевна аны партиядан Жанар Акаевдей кылып чыгарып салса болоорун айтты.

- Жанар Акаев эркин депутат болуп калды, ал комитетти башкара албайт жана фракциянын атынан бир жактарга коммандировкага бара албайт, - деп аяктады ал.
Түшүндүрө кетсек, бүгүн Кожобек Рыспаев аны өз арызысыз партиядан чыгара алышпасын билдирди. Бул тууралуу ММКлар жарыя кылышты.

«Мен юристтерден кеңеш сурадым. Алар мага сизди партиядан чыгарышканы менен фракциядан арызыңыз жок болсо чыгара албайт дешти. А мен арызды жазбайм», - деп билдирди ал.    
Эске салсак, августтун аягында КСДПнын саясий кееши Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгаруу чечеимин кабыл алган. Андан сырткары фракциядан да чыгарып туруп, тийешелүү комитеттин башчылыгынан чакыртып алууну сунушташкан.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх