Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухаммедкалый Абылгазиев Андрей Бельяниновго жооп берүүгө милдеттүүбү?

Эксперттер Евразиялык өнүгүү банкынын төрагасынын сөзүнө теригиштин кереги жок, анткени ал чындыкты айтты деп эсептешет

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Евразиялык өнүгүү банкынын төрагасы Андрей Бельяниновдун айткандарына жооп берүүгө милдетүү эмес. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саяат таануучу Зайнидин Курманов билдирди.

Ошону менен бирге эле анын сөзүндө чындык бар экендигин жана Кыргызстанда өкмөттүн бат алмашкандыгын белгилеп кетти.

- Менин оюмча, премьердин иштери өтө эле көп, ал буга окшогон майда барат нерселерге баш оорутпайт, - Зайнидин Карпекович. - Өкмөт жооп бере турган андан башка маанилүү иштер толтура.  Убагында немистер да ушинтип айткан бизге.  

Эксперт мындай шартта биз менен бирге иш алып баруу татаал болот дейт.

- Бизди кабыл алып жаткан тараптын өкүлдөрүнүн бири  бизге «Жыл сайын өкмөтүңөр алмашат, силер менен кантип иштешебиз, баарын башынан баштай беребизби улам эле», - дегенболчу дейт Курманов.  - Ушул көрүнүш дагы эле кайталанып келе жатат. 30 премьер алмашты, 18 спикер жана 15 тышкы иштер министри  алмашышты. Муну токтотуп, кадр маселесине олуттуу кароо керек. Биз эмне Россия менен согушканы калдыкпы? Эгерде бизга ал каражат керек эмес болсо, анда буга окшогон уюмдарды көзгө көрүнбөй жогол деш керек.

Саясат таануучу Денис Бердаков өз кезегинде Андрей Бельяниновдун Кыргызстанга деген сыны таптакыр болгон эмес дейт. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде эксперт ал конгрессте болгондугун жана Евразия өнүгүү банкынын башчысынын «Кыргызстанда бизнестик көз караш менен алганда эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес, чиновниктер дайыма алмашат, аларды «ликбезден» сабак өтүүгө мажбур болобуз» - деген сөзүн уккандыгын айтты.

- Мен андан көп алыс эмес жерде отурган болчум, ал сөз сынтагуу эмес болчу. Ал узакка созулган диалог, анда Бельяниновдун Кыргызстан менен тыгыз байланышы бар экендиги  жана бизге тез тез каттап тураары айтылды, - деп тактады Бердаков. - Ал табиятка жана адамдарга баа берээрин айтты. Бул сөздөрдүн баары мааниси «Биз Кыргызстанга инвестиция салгыбыз келет, бирок кепилдик жок» дегенди туюндурат.  

Андан сырткары, эксперт Кыргызстанда кадр саясатындагы мүчүлүштүктөр дагы эле бар экендигин белгилеп өттү.

- Мисалы, Казакстан менен Белорусияда Евразиялык өнүктүрүү банкы инвестиция салган жеке долбоорлорго мамлекет кепилдик берет, - деп улантты. - Бизде андай эмес да. Кадрлардын алмашуусу тууралуу айтты, бирок аны акыл үйрөтүү маанисинде, же айыптоо маанисинде эмес, бул ишти татаалданткандыгы тууралуу гана айтты.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Рыскелди Момбеков КР өкмөтү Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы Андрей Бельяниновдун сөзүнө жооп айтпагандыгын сындаган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх