Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбек Акун акыйкатчылыкка койгон талапкерлигинен баш тартты

Мурдагы акыйкатчы эмнеге мындай кадамга баргандыгын айтып берди

Турсунбек Акун акыйкатчы кызматына болчу шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал өзү Vesti.kg сайтына айтып берди.

Анын сөзү боюнча, мындай чечимди ал кечээ кабыл алган.

- Мен бул кызматты эки жолу ээледим, ойлонуп көрүп, башкаларга да мүмкүнчүлүк берүүнү эп көрдүм. КСДП фракциясынын лидерине бул чечимим тууралуу бүгүн билдирдим, - дейт Акун.

Турсунбек Акунович омбудсмендикке жаш да, кары да адис келсе боло берээрин айтты.

- Мен жаштар үчүн талапкерлигимди алып койдум деген жерим жок, - деп белгиледи ал. Жаштар иштеп көрүштү го, омбудсмен институтун жок кылышты. Азыр бул структура иштебей эле турат. Ошондуктан кесипкөй, жакшы укук коргоочу жана юрист адам керек. Эгерде омбудсмен өз кызматындагы милдеттерин аткарбаса мен үн катпай коё албайм.

Эске салсак, омбудсмен кызматы эки айдан ашык убакыттан бери бош турат. Бүгүнкү күндө шайлоо күнү дагы эле белгилене элек.

Башкы укук коргоочулукка талапкерлигин «Ата-Мекен» фракциясынан саясат илимдеринин доктору Канатбек Азиз койду.

Мурда маалым болгондой, КСДП фракциясынан ЖК президентин ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев, акыйкатчы аппаратынын кызматкери Урматбек Аралбаев, юрист Рита Карасартова, эксперт Гульназ Эргешова жана адам укугун коргоо институтунун дагы бир кызматкери Альберт Колоповдор документтерин тапшырышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх