Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын ККК башчысынын орун басары: Тарых музейинин иши боюнча шектүү азырынча жок

Чекисттин сөзү боюнча, 118 миллион сом келтирилген зыян иликтөөнүн жүрүшүндө дагы өзгөрүшү мүмкүн

«Ата-Мекен» фракциясынын бүгүнкү жыйынында Сайдулла Нышанов Тарых музейинин иши боюнча шектүү киши барбы деп кызыкты.

- 118 миллион сом келтирилген зыянга ким жооп берет? Кимдир бирөө айыпталдыбы? - деп сурады ал.
Бул суроого УКМКнын ККК директорунун орун басары Талантбек Кожонов жооп берди.

- 118 миллион деген жөн эле алды ала Эсептөө палатасынын маалыматтары, - дейт ал. - Тизмелөөчү акт кийинчерээк көрсөтүлөт. Келтирилген зыяндын суммасы да балким өзгөрүп калышы мүмкүн. Ошондон кийин гана экспертиза дайындалып, ошонун жыйынтыгына карап айыптоо угузулат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх