Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаттары сууга тарифти 100% көтөрүүнү сунушташты

Эл өкүлдөрү азыркы төлөнүп аткан акча өтө эле аз дешет

ЖК бюджет жана каржы боюнча комитети бүгүн Кыргыз Республикасы менен Европа өнүктүрүү жана калыбына келтирүү банкынын ортосундагы «Жалал-абад шаарындагы канализация жана суу менен камсыз кылуу реабилитациялык системасы» Гранттык жана Кредиттик долбоору боюнча келишимди жактырды.

Белгилей кетсек, бул аталган долбоорду ишке ашыруу 2011-жылы башталган, азыркы убакта биринчи фазасы аяктап калды. Европалык өнүктүрүү жана калыбына келтирүү банкы 8 миллион евро берүүгө даяр, анын 4 миллиону гранттык каражат болот. Жалалабат мэриясы бул ишти аткаруучу агентство болуп саналат. Ал эми кредиттик каражаттар абоненттерден түшкөн акча менен жабылат.

Жалалабаттын мэри Муратали Тагаев абоненттерден түшкөн акча менен кутулуп кетебиз деп ишенимдүү айтат. Бир катар депутаттар азыркы сууга деген тариф өтө төмөн, аны жогорулатуу керек деп эсептешет. Болгондо да 100 пайызга көтөрүү керектигин айтышат. Бирок мэр муну кайра карап көрүү керек деп жооп берди.
 
КР ЖК маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх