Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өнөр жай-энергетика Мамлекеттик комитетинин башчысын иштен бошотушту

Эксперт бул кызматта Эмиль Осмонбетовдун көпкө турбастыгына ишенет

Эмиль Осмонбетов өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы болуп калышы мүмкүн. Анын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.

Осмонбетов - геология-минералогия илимдеринин кандидаты жана КР Инженерлер академиясынын мүчө-корреспонденти. Бирок анын басып өткөн жолундагы кара тактарды көргөндө, бизди анын карьерасы кызыктырбай деле калат дейт коомдук ишмер, энергетика боюнча эксперт Расул Умбөталиев.

2012-жылы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Эмиль Осмонбетовду геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кылып дайындады. Жыл айланбай 2013-жылы 7-мартта Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү аны иштен бошотту.

- Белгилүү болгондой 2012-жылы 30-ноябрда Мамагентствонун жетекчиси Учкун Ташбаевге жана 11 кызматкерге кылмыш иши козголду,  КР КК 307-берене 1 б. «Кызмат абалын пайдаланып мыйзамсыз иштетүү» жана 304-берене 2 б. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), Эмил Осмонбетов ошолордун арасында бар болчу.

Умбеталиевдин сөзү боюнча, болочокто боло турган өнөр жай, энергетика жана кен итетүү Мамлекеттик комитетинин башчысынын ишин  Мамагенттиктин башчысынын мурдагы жетекчиси Ишимбай Чунуевдин Жогорку Кеңештин 2013-жыл 28-марттагы пленардык отурумдагы сөзүнөн билсе болот.

- Иштен бошотуу тууралуу сөз кылып жатып, Чунуев депутаттарга иштен бошотулган директордун орун басарлары Эмиль Осмонбетовдун жана кен иштетүүгө лицензия берүү башкармасынын начальниги Каныбек Коноковдордун коррупциялык иштери тууралуу айтып берген.

2016-жылы 6-апрелде Осмонбетов «Кыргызалтындын» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп калган. Эми болсо, аны кен иштетүү, энергетика жана өнөр жай Мамкомитетинин башчылыгы күтүп турат.

- Менин оюмча, премьер анын резюмесин жакшылап эле карап чыккан болуш керек. - Аны дайында өтө эле катачылык болот. Дүйшөнбек Зилалиев эптей лган жок, Уланбек Рыскулов эптей албады, эми бул туура келбеген адамды коюунун эмне кереги бар? 3-4 айдан кийин былыгын ачып чыгып кайра бошотконубу? Бизде ушундай болуп калды: Адегенде коррупционерди коёбуз, андан соң алабыз. 

Умбеталиевдин бул тармакты кристалдай таза гана киши алып кете алаарына көзү жетет.

- Чынын айтканда, бул мамлекеттик комитетти түзүүнүн деле кереги жок болчу, - дейт ал. - Өнөр жайы менен кен иштетүү  экөө таптакыр эки башка тармак. Андан көрө геология жана минералдык ресурстар боюнча агентство ачып койсо болмок.

Эске салсак, 2013-жылы апрелде мурдагы министр Учкун Ташбаевге жана каржы Министрлигинин мурдагы жетекчилигине, Мамгеология жана Мамэкотехинспекциянын башчыларынын мурдагы орун басарларына карата кылмыш иши козголгон. КР КК 307 берене 1 б. 304 - берене 2б.

Кеп ЖЧК Unigue Resourses Mining Company лицензиясынын мыйзамсыз узартылгандыгы тууралуу болуп жатат.  Бул компания Акчаңгыл-1 жана Көк-Жаңгак көмүр кендерин иштетет, ошондой эле ЖЧК  Куттуусай-II «Куттуусай Майнинг» иштетет.

«Осмонбетов Эмиль Кубатович Агентствонун мурдагы жетекчисинин орун басары кылмыш ишине катышкандардын тизмесинде болгон»

Осмонбетовдун өнөр жай - энергетика Мамлекеттик комитетинин башчылыгына дайындоо маселесин Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш тууралуу тийешелүү комитети карайт.
Комитеттин мурдагы жетекчиси Уланбек Рыскулов өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх