Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бизнес-омбудсмендик кызматка талапкердин аты белгилүү болду

Ат салышчу кишини ишкерлер өздөрү чыгарышты

Бизнес-омбудсмен институтунун башчылыгына  базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармагынын Бирикмесинин президенти Сергей Пономаревду сунуш кылышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламенттеги булактарыбыз билдирди.

Бул маалыматты Пономарев Vesti.kg сайты менен баарлашканда тастыктады. Анын айтымында, мунун талапкерлигин ишкерлер коюшкан.

- Менден башка да талапкерлер болот, мени болсо кесиптеш ишкерлер койдурушту, - дейт Пономарев.

Ал өзү үчүн адегенде Бизнес-омбудсмен институту эмне кызмат аткараарын билиши керек экендигин белгилеп өттү.

- Мага сунуш кылышканда, Мен тура туралы, мунун максаты кандай, эмне иш аткараарын билели дедим. Эгерде бул орган кезектеги эле жем жечү акыр болсо, анда мунун кызыгы жок. Андан көрө мен өз ишимди кылам. Ал эми чындап эле ишкерлерге пайда алып келчү иш аткарса эмнеге иштегенге болбосун, - дейт Пономарев.

Андан сырткары, ал көптөн бери бизнес менен алектенээрин жана икерлердин укугун коргоорун кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстанда Бизнес-омбудсмен институту түзүлөөрүн бүгүн өлкө жетечиси Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх