Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга Бизнес-омбудсмендин кереги барбы?

Бул тууралуу эксперттердин ою бир жерден чыккан жок

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда Бизнес-омбудсмен институту пайда болду. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен жоолугушуу учурунда айтты.

Ал ортодо эксперттер бул жаңы мекеме тууралуу өз ойлорун айтышты.

Мурунку омбудсмен Турсунбай Бакир уулу Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бизнес-омбудсмен кызматынын зарылчылыгын деле көрбөгөндүгүн айтат.

- Бул кызматты омбудсмендин орун басарларынын бирөө эле аткарып койсо болот, - деп эсептейт ал. - Эгерде биз чоң мамлекеттерди туурасак, анда дагы бир нече институттар өсүп чыгат. Мисалы Италияда 100 ашык омбудсмен бар. Бирок өлкөнүн масштабы менен бизнесин да эске алышыбыз керек да.

Андан сырткары, Бакир уулунун сөзү боюнча, мекеменин ийгилиги анда ким жетекчи болуп иштегенинен көз каранды.

- Менин оюмча муну президентке бирөө кеңеш берген, - деп божомолдойт ал. - Бирок эгерде бул мекемени чиновниктердин бирөө башкара турган болсо , анда кереги деле жок. Андан сырткары, конституцияны өзгөртүү керек болот. Анткени өлкөнүн негизги мыйзамында бир гана омбудсмен каралган.

Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Марат Шаршекеев мурунку акыйкатчынын сөзүнө макул болот. Ачылган жаңы мекеменин кандай иштеши аны башкарган адамдан көз каранды болот.

- Мен мындай институттун Украинадагы жана Россиядагыларын көрдүм, - дейт Vesti.kg сайтына Шаршекеев. - Ал Россияда президенттин жетим жүгүрүгүнө айланган. Украинада болсо бир канча миллиондогон Кошумча баага салыкты ишкерлерге кайтарып берген учурлары болгон, бирок бул акчаларды ансыз да кайтарышы керек болчу да. Бул бир болгон учур экен. Ал эми бизде болсо бул мекемени ким башкаргандыгынан көз каранды болот. Мен кандай каржы институттары колдоого киришкендигин карап көрдүм. Алар мамлекетти аралаштырбайт бул ишке.

Эске салсак, кечээ бул кызматка Сергей Пономаревдун келери анык болду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх