Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өнөр жай-энергетика Мамлекеттик комитетинин башчылыгына талапкер өзүнүн ак экендиги тууралуу билдирди

Эмиль Осмонбетов  анын иш аракетинен «Кызмат абалынан мыйзамсыз пайдаланууну» табышпагандыгын эске салды

2014 жылы өнөр жай, энегетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитетинин азыркы боло турган башчысы Эмиль Осмонбетовду сот актап койгон. Анын иш аракетинен кылмыштын курамын таба алган эмес. Бул тууралуу ал өзү Vesti.kg сайтына билдирди.

Ошентип, Осмонбетов коомдук ишмер, энергетика жаатынын эксперти Расул Үмбөталиевдин айткандарына жооп кылды.

Белгилей кетчү нерсе, Осмонбетов кен иштетүү, энергетика жана өнөр жай Мамлекеттик комитетинин жаңы башчысы болуп калышы мүмкүн. Анын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Осмонбетовду дайындоо маселесин Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча тийешелүү комитети карайт.

Мурунку комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх