Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Президенттин өкмөткө сөз бербей койгондугу жакты»

Ишкерлер Жээнбеков биз менен дагы жоолугушат деп үмүт кылышат. Алар таанышуу докладынан кийин да бул тармактын көйгөйүн кеңирирээк чечүү үчүн кайрылат деп күтүп жатышат

Президент Сооронбай Жээнбеков менен ишкер коомдун жоолугушуусундагы айтылган көйгөйлөр бүгүн эле чыга калган жок.  Бул нерсеге Кыргыз камсыздандыруу бирикмесинин президенти Сабырбек Молдокулов көңүл бурду.

- Бул ишкерлер менен президенттин алгачкы жоолугушуусу ага пайда болот го деп ойлойм, - деп белгиледи ал. - 30 ашуун киши сөз сүйлөдү. Мага президенттин акырында өкмөкө сөз бербей койгону жакты. Алар ар нерсе деп шылтоо айтмак да. Ал министрлер кабинетине айтылган көйгөйлөр менен иштеп, 1-январга отчет берүүнү тапшырды. Молдокулов камсыздандырууга байланышкан бир катар маселелерди көтөрдү. Алардын ичинде ОСАГО, турак жайды камсыздандыруу, жүргүнчү ташууну милдеттүү түрдө камсыздоо, ошондой эле коркунучтуу жүктөрдү ташуу.

- ОСАГО 1-январдан ишке киришет, ал эми тарифтер даяр эмес, - дейт ал. - Турак жай тууралуу айта турган болсок, азыр мыйзамга түзөтүү киргизип жатышат. Менимче жеке секторлор да кошулат болушу керек. Биз тарифтердин өтө төмөн болбошунан үмүт кылабыз, анткени бул бизнес да, соопчулукка иштебейбиз да акыры.

Кыргызстандын тоо металлургия кесиптик бирикмесинин төрагасы  Элдар Тажибаев президенттин үстүртөн болсо да көйгөйлөр менен таанышкандыгына ыраазы, бирок ар бир тармактын өкүлдөрү менен жекече жоолугаарына ишеним артат.

- Сөзүнүн акырында Сооронбай Жээнбеков бул анын акыркы жоолугушуусу эмес экендигин айтты, - дейт Тажибаев. - Аны тармак тууралуу кыйытты деп ишенип турайын.
Төрага бир канча жыл мурун ушундай жоолугушууну мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уюштургандыгын эскерди.

- Бирок анда ал өзү гана сүйлөгөн, ишкерлердин 5-6 киши гана сүйлөшкөн болчу, - деп белгиледи ишкер. - Тоо кен өнөр жайчылар Бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев анын сөзү президентке кандай таасир этээр экен деп күтүп жатат. Ал өз докладында бул тармактын акыбалын эки ооз сөз менен айтып салууга болбойт,эгер жок болуп кыйрап атат эле дебесек деди.

- Бирикме 5 пункттан турган кайрылуусун жолдоду, эми анын ар биринин аткарылышын күтүшөт, - дейт Дүйшеев. - Жээнбеков биздин көйгөй тууралуу билээрин айтты. Ал эми кантип жардам берээрин айткан жок. Бирок биз баары бир үмүт кылабыз. Бул тармактын иши күндөн күнгө оорлоп баратат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх