Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жанар Акаев дайыма эле көрүнгөн жерде кыйкырып жүрө берет»

«Замандаш» партиясынын төрагасы депутаттын нааразычылыгына жооп кайтарды

ЖК депутаты Жанар Акаевди «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун парламенттик комитеттин жыйынына катышышы нааразы кылды.
Эл өкүлү андай болсо тийешелүү комитеттин жыйынына бардык каалоочуларды чакырыш керек  деди.

- Урматтуу комитеттин мүчөлөрү, бул окуя мага абдан жакты. Эгерде «Замандаш» партиясынын лидери келип сунуш кылса, демек башка партиялардын лидерлери да келип өкмөткө суроолорун бериши керек. Жакшы көрүнүш. Келгиле кийинки жолу Адахан Мадумаровду чакыралы. Кыргызстанга келип калса, Мелис Мырзакматовду чакыралы. Ар биринен сунуш кабыл алабыз, - деген Акаевдин сөзүн ММКлар басып чыгышты.

«Замандаш» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов өз кезегинде Vesti.kg сайты мене болгон маекте депутаттын сөзүнө таң калып жаткандыгын билдирди.

- Кимди чакырышты, кимди коюшту ал чечпейт да, -деп баса белгиледи Молдокматов. - Бул үчүн атайын аппарат, белгилүү процедура бар. Андан сырткары, бул чакыруу эмес, бул деген нормативдик-укуктук актыга ылайык талап. Ар бир жаран отурумга катышып, сунушун жана кайрылуусун айта алат. Ал эми сын боюнча мен таң калбайм, анткени Жанар Акаев дайыма эле ар жерде кыйкырып жүрө берет.

Андан сырткары «Замандаштын» лидери Vesti.kg сайтына ЖК тийешелүү комитетинде көтөргөн маселелер тууралуу айтты.

- Бул илим жана билим берүү Министрлигиндеги реформа тууралуу маселелер болчу, - деп тактады Молдокматов. - Тактап айтканда мугалимдерди кыскартуу жолу менен билим беүүнүн сапатын жогорулатуу тууралуу. Мен 3 миңге жакын мугалимдердин иштен айдалгандыгын билем, бирок бул долбоорду ким иштеп чыкты, эксперттердин корутундусу барбы, ал тууралуу кеп жок.

Жогорку Кеңештин саламаттык сактоо, маданият, илим, билим  социалдык маселелери тууралуу отуруму кечээ болду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх