Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмилбек Каптагаев: Миллиард сом - бул анча деле көп акча эмес

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы аймактардагы көйгөйдү чечүү үчүн өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү айткандан көп акча керек деп эсептейт

Ысык-Көл облусунун көйгөйүн чечүүгө бир миллиард сом жетиштүү. Бул тууралуу аймактын ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жергиликтүү тургундар менен жоолугуп жатып айтты.

Анын айтымында жолду оңдоого эле 450 миллион сом кетип калат. Андан сырткары облуста мектептер жетишпейт.

- Ийгиликке жетишиш үчүн бизге жакшы шарттар түзүлүш керек. Бизде социалдык обькттер маселеси курч бойдон турат. Бирок ошого карабастан азыр облуста 17 мектеп курулуп жатат, ал да жетпейт. Бала бакчалар жок, - дейт Осмоналиев.

Ушул маселе тууралуу Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев Vesti.kg сайты менен маек курганда бардык көйгөй чечилиш үчүн 1 миллиард сом аздык кылат деди.

- Миллиард сом - бул анчалык деле көп акча эмес, - дейт Эмилбек Саламатович. - Чамасы Ысык-Көл облусунун башчысы эң зарыл гана нерселерди айткан го. Менин оюмча, ушул миллиардга анын бир белгилүү долбоору бар болсо керек.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда бир эле мектептер менен жол эле эмес, медициналык мекемелер да каржылоону талап кылат.

- Баарынан мурда мектеп тууралуу айтыш керек, - деп макул болду Каптагаев. - Балдар авариялык абалдагы имараттарда окуп жатышат. Бирок саламаттык сактоо тармагында да көйгөй бар. Облустук жана райондук ооруканалардын акыбалдары оор эле. Анын үстүнө калктын саны өсүүдө.

Облустун мурдагы жетекчиси аймакты өнүктүрүү үчүн көптөгөн миллиарддар кетээрин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх