Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өкмөттүн түзүмүндөгү бир вице-премьер ашыкча»

Абдырахман Маматалиев министрлер кабинетинин жаңы түзүмү тууралуу оюн бөлүштү

Кыргызстанда бирин бири кайталаган министрликтер жана мекемелер көп, аларды капкачан эле кыскартыш керек болчу. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына экс-вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев билдирди.

- Өкмөт жарым жылдан кийин министрлер кабинетине жаңы түзүм киргизүүнү чечти, бирок бул ишти парламент аларды кызматтарга дайындай электе кылышы керек болчу, - деп белгиледи ал.  Чынын айтканда эл кандайдыр бир жаңы ачылышты деле күтпөй калды. Реформага болгон үмүт үзүлдү.

Абдрахман Мадакимович көптөгөн министрликтер кыскартууга жана жоюуга муктаж экендигин баса белгиледи.

- Мисалы, энергетиктерди өлкөдө өнөр жай, энергетика Мамлекеттик комитети, «Электр станциялар» жана Улуттук энергохолдингдер башкарат, - деп түшүндүрдү ал.  - Бирок мындан пайда чыгып кыйратпайт. Министрлер кабинетинин курамын кайра карап чыгуу зарыл. Бир вице-премьер ашыкча. Биринчи вице-премьер экономикалык блокту өзү эң сонун башкара алат. Структуралык анализ жүргүзүү зарыл жана өкмөткө жаңы ийкемдүү, министрлердин саны азыраак схема түзүү керек. Бүгүнкү күндө бул курам Кыргызстан үчүн ого эле көп.

Түшүндүрө кетели, бүгүн бүгүн парламенттин конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча тийешелүү комитетинин жыйыны болуп өттү. Депутат Айнуру Алтыбаева вице-премьер Кубатбек Бороновдон өкмөттүн жаңы түзүмүн качан көрсөтөсүңөр деп кызыкты.

«Сиз долбоорду 15-сентябрга берем деп убада бергенсиз. Дагы канча күтөбүз - бир айбы, жарым жылбы?», - деп жазат ММК Алтыбаеванын сөздөрүн.  

Өз кезегинде Боронов бул маселе боюнча иш жүрүп жатат деп түшүндүрдү.

«Биз силерге алып чыгаардан мурда өзүбүз чечип алчу маселелер бар. Буга бир жарым айдай убакыт талап кылынат», - деп сөзүн аяктады ал.  

Эльвира Алабина
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх