Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулматовдун командасынан жабыр тарткан Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары кызмат ордун кайра алды

Алтынбек Торутаев былтыр декабр айында кызматтан бошогон болчу. Эми аны кайрадан дайындашты

Алтынбек Торутаев кайрадан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысына орун басар болуп дайындалды.

Белгилүү болгндой, Торутаев мурда бул кызматта иштеген жана 2017-жылы декабрда  иштен бошотулган болчу.

Бажы кызматындагы булактардны маалыматы боюнча анын кызматтан кетишине Кулматовдун МБК төрага болуусуна каршы болуусу себеп болгон.

- Торутаевди бошоткон соң ордуна Жеңишбек Исаковду алып келишкен. Ал эми ал Кулматовду иштен алаары менен өз арызы менен иштен кетип калган, - деп маалымдайт булактар.

Алтынбек Торутаевди ушул жылдын 26- августунда кайрадан орун басар кылып дайындашкандыгын билдиришет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх