Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Путиндин Кыргызстанга болгон сапарынан эмнени күтүүгө болот?

Эксперттер КР менен РФ президенттери болжолдуу  козгой турган маселелерди эсептешти

Владимир Путин расмий иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандын түштүгүнө ачыла турган аскер базасы тууралуу маселени козгошу мүмкүн. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына саясат таануучу Денис Бердаков бөлүштү.

- Коопсуздук маселеси биринчи кезекте козголот, - дейт ал. - Кыргызстанга дагы бир база ачуу тууралуу маселеси токтоп турат нээгедир.

Бердаков эки өлкө башчысы экономика маселесин көтөрөөрү турган сөз экендигин белгиледи.
- Жогорку Нарын каскады тууралуу сөз болсо жакшы болмок, - дейт саясат таануучу.  Менин оюмча биздин өкмөт ушул ишти улантууга кайрылып келсе керек. албетте путин менен биздин РФ иштеген жарандар тууралуу сүйлөшөт. Бирок бул тууралуу кандайдыр бир келишимдерге кол коюшаары күмөн. Орусия президентинин бул иш сапары баарынан да элчилик мүнөздө болушу мүмкүн. Президенттердин ортосундагы жеке мамилелер баарын чечет. Эгерде жакшы жагына чечилбесе Кыргызстан тарапта утуш болбошу турган кеп.

Өз кезегинде саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин оюнча бул  сапары менен Путин түштүккө база ачуу маселесин козгойт дейт.

- Кыргызстанды диний экстремизм коркунучу тооруп турат. - дейт ал. Ошондуктан РФ ЕАЭБ алкагында коопсуздукту чыңдоо тууралуу талкуу кылат. Орусия бизге техникалык жардам көрсөтөт. Албетте мигранттардын тагдыры да калчанбай койбойт. Кыргызстан Орто Азиядагы кирил алфавитинен кайтканга ниети жок бирден бир мамлекет экендигин белгилеп кетүүгө болот. бул болсо биздеги орус маданиятына жол калтырат. Бул Орусияны кубандырат. РФ мектеп балдарынын тамагына деп 10 млн. доллар бергенин эстеп коёлу. бул былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көп. Бир да гуманитардык уюм мындай колдоо көрсөткөн жок.

Түшүндүрө кетели, ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев РФ президенти Владимир Путиндин келээри тууралуу билдирген. Бирок кайсы күнү келээри али белгисиз.
Жоолугушуунун жүрүшүндө 10 чамалуу документтерге кол коюлаары айтылууда.

Вероника Малышева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх