Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы Суракматовдун кыргыз тили боюнча экзамен тапшыраар тапшырбасы тууралуу маселе чечиле электигин айтат

Борбор шаардын муниципалитети түшүнбөстүктөр болуп кеткендигин түшүндүрөт

Бишкек мэри Азиз Суракматов мамлекеттик тилден экзамен тапшырууну али чече элек. Борбор шаардын муниципалитети Vesti.kg сайтынын жазгандарына тактоо киргизди, шаар администрациясынын маалымат кызматы Суракматов эгерде ага тийешелүү сунуш келип түшсө экзамен тапшырат деп айтылган дешет.
 
«Бишкек мэриясынын маалымат кызматы жана Vesti.kg маалымат агентствосунун ортосунда  мамлекеттик тилден экзамен тапшыруу тууралуу түшүнбөстүктөр келип чыкты. Кечирим сурайбыз. Экзамен тапшыруу тууралуу сунуш БШКдан Бишкек мэриясына келип түштү. Учурда ал карап көрүү стадиясында турат», - деп айтылат мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
 
Белгилей кетели, кечээ мэриянын маалымат кызматы Vesti.kg сайтына Бишкек мэринин сөзүн аудиожазуу түрүндө жиберишти.
 
- Эгерде сунуш бар болсо, мен экзаменди кайра тапшырам, - деген Суракматовдун сөзүн маалымат кызматы келтирди.  
 
Эске сала кетсек, мурда Vesti.kg сайты активист Канышай Мамыркулованын БШКга арыз менен кайрылып, Бишкек жана Ош мэрлери мамлекеттик тилден экзаменди кайра тапшыруусу тууралуу маселени койгон.


Бул факт боюнча Боршайком коллегиясы Азиз Суракматов жана Таалайбек Сарыбашевге мамлекеттик тилден экзаменди «Кыргызтест» системасы боюнча тапшырууну сунуштаган чечим кабыл алган.

Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх