Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов революциядан кийин сабаттуу кадрлар аз болгондугун, азыр бар экендигин белгилейт

Мурдагы премьер-министр мамлекеттик корпорация түзүп, ага жаштарды тартууну сунуш кылат

Дүйнөнү жаңыча өнүктөрү турган жаштарды иштете турган мамлекеттик корпорация ачуу  министрликтердеги коррупция менен күрөштү жеңилдетет. Мындай деген пикирин экс-премьер-министр Феликс Кулов Vesti.kg сайтына билдирди.

- Өкмөттү жөн эле кыскартып коюу аздык кылат, ыйгарым укуктарды кыскартуу зарыл, - деп түшүндүрдү ал. - Ар бир мекеме өзүнүн тармагынын саясатын иштеп чыгуу менен алек болот, бир эле мезгилде чиновниктердин чарбалык милдеттери да бар. Мисалга, тендерлер. Ушул жерден коррупциялык иштер башталат. Анын алдын алуу үчүн каржылык милдеттерди мамкорпорацияларга берүү керек. мен өкмөттү башкарып турганда ушундай ой бар болчу. Бирок революциядан кийин ага чамабыз келбей калды. Ал долбоорду ишке ашырчу жаштар да аз болчу. Ал эми бүгүн болсо буга мүмкүнчүлүк бар.
Феликс Шаршенбаевич депутат болуп турганда жарандар менен бул теманы талкуулап, алтургай мыйзам долбоор да сунуштагандыгын айтты.

- Көптөгөн жаш, сабаттуу адамдар министрликте иштегилери келбейт, анткени ал жерде айлык өтө төмөн, - деп белгиледи ал. - Андан да мамлекеттик кызматка алууда тажрыйбалууларды алууну эч ким жок кылып коё элек. Мамлекеттик пансионаттарды, улуттук парктарды мамкорпорацияга өткөрүп беришсе болмок, өзүнчө бюджет бөлүп берип ушул тармакты өнүктүрсө болмок. Мен жаштарга ушинтип айткам: «Силер мыйзамдуу миллионер болгуңар келеби? Анткени уурдасаңар баары бир түрмөгө түшөсүңөр». Көптөрү буга макул болушкан. Азыркы жаштардын өлкөнү кантип көтөрүүгө өз көз караштары бар.  

Кулов өкмөттүн жаңы түзүмү премьер-министрдин көрөгөчтүгүнөн көз каранды экендигин кошумчалады.

- Министрлер кабинетинин башчысы ага даяр планды алып келүүсүн күтүп отурбайт, дейт Феликс Шаршенбаевич. Ал да кандай кылышты өз алдынча ойлонот. Белгилеп кетким келет, өкмөттүн курамын өзгөртүү керек, бирок жок болбос министрликтер бар экендигин түшүнүү керек, алар ТИМ, ИИМ жана каржы Министрлиги сыяктуулар. Алардан кутула албайт.

Белгилей кетели, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жаңы курамын түзүүгө ниеттенип жатат. Вице-премьер Кубатбек Боронов маалымдагандай  Жогорку Кеңешке долбоорду бир жарым айдын ичинде даярдап алып келет.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх