Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаар кеңешинин коалициялык көпчүлүгү урады

Башкаруучу альянстан чыгаарын бир убакта эле үч фракция билдирди

Бишкек шаар кеңешинин көпчүлүк коалициясы урады. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына коалиция лидери Таалайбек сагынов билдирди.

- Мен бүгүн коалициядан КСДП фракциясы, «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү Прогресс» фракцияларынын чыга тургандыгы тууралуу кат алдым. Чамасы эртеңки сессияда жаңы коалицияны түзүү тууралуу талкуу болот окшойт.  

Таалайбек Жолдошевич ал лидери болгон «Кыргызстан» фракциясы азырынча жаңы коалицияга кирүүнү сунуш кылбагандыгын кошумчалады.

- Эгерде мындай сунуш түшсө, биз талкуулап көрөбүз, - деп сөзүн аяктады ал.
Эсиңиздерге салып коёлу, эртең Бишкек шаар кеңешинде кезексиз сессия болот. Анда жаңы спикерди шайлоо талкууланат.  Расмий талапкерлердин катарында азыр бир гана талапкер - Кубанычбек Коңгантиев бар.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх