Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер сунуш кылган үч талапкер тең Жогорку Кеңеште колдоо тапты

Депутаттар өкмөттүн аппаратына, адилет министрлигине жана ӨЭКМК төрагалыгына ат салышкан талапкерлерди жактырышты

Бүгүнкү жыйында ЖК депутаттары талапкерлерди карап көрүштү. Талапкерлер тууралуу маалыматтар менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Кызматтарга төмөнкүлөр сунушталды: Шамильбек Асымбеков - өкмөттүн аппарат жетекчиси; Марат Жамангулов - адилет министри; Эмиль Осмонбетов - өнөр жай энергетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитетинин башчысы.

Депутаттар сунуш кылынган талапкерлердин алкагында бир катар социалдык-экономикалык жана кадлык маселелерди талкуулашты. Жооптуу кызматка ат салышчулар депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш сунушталган өкмөттөгү жооптуу кызматтарга талапкерлерди жактырышты.

КР ЖК маалымат кызматы
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх