Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Джунда» нефтини кайра иштетүүчү заводу калдыктар тууралуу айыптоону четке кагат

Андагылар депутаттардын бардык сунуштарын аткардык дешет

«Чайна Петроль Компани Джунда» парламенттик комитеттин сунуштарын аткарбай койду деген маалыматтын жалган экендигин айтышат. Компаниянын юристи Алмаз Чокморовдун Vesti.kg сайтына айтып бергенине караганда  нефтини кайра иштетүүчү заводдун иши талапка ылайык.

- НКЗ жергиликтүү тургундар аз дешет, - деп белгилейт ал. - Бул жалган сөз. 600 жаран иштейт, анын 200-300 чамалуусу жакынкы райондордон. Башка областтан келгендер да бар. Адистигине жараша ар жактан келгендер бар.

2013-жылдан бери жергиликтүүлөр даттанып келаткан жагымсыз жыт көйгөйү чечилди дейт Чокморов. НКЗ газдарды тазалап, зыяндуулугун азайта турган жабдууну орнотушту. Бирок жабдуунун баары орнотула элек.

Андан сырткары, бизге өзүбүзгө атайын тазалап жууй турган жер курууга сунуш кылышты, - дейт Чокморов. - Бирок биз шаардык сууканалга 11 миллион сом инвестиция салып койгон болчубуз. Азыр калдыктарды ошол жакка чыгарабыз, бизге доомат жок.

Мурда парламенттин отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү комитетинин башчысы Рыспек Кожобаев ММКларга НКЗ «Джунда» талаптардын бир бөлүгүн гана аткарды деп билдирген болчу.

Башка дооматтар менен катар НКЗ  жумушка кыргызстандыктарды аз алат деген доомат да бар болчу.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайтына «Чайна Петроль Компани Джунда» нефтини кайра ишетүүчү заводунун аймагындагы байыркы коргондор урап атат деп билдиришкен болчу.

Тарыхый-маданий эстеликтен 50 метр аралыкта болуш керек, бул байыркы коргондорго тийешелүү, - деп Мамэкотехинспекциянын бөлүм башчысы Айнур Кенжебаева айткан. - Ал эми бул жерде болсо 5 эле метр калыптыр. Дээрлик көрүстөндүн үстүндө турат. Анан коргондор урайт да. «Джунданын» кызматкерлери ушуга ыраазы болгула деп коюшат дагы.

Биздин эрага V-III кылымдарга тийешелүү 12 көрүстөн тууралуу кеп болуп жатат. Алардын бир бөлүгү «Джунда» НКЗ аймагында турат.

Заводдогулар болсо өзүлөрүнө коюлган дооматтарды негизсиз дешет. Компаниянын юристи заводдун аймагында 4 эле коргон турат деп Vesti.kg сайтына билдирди.

- Баардык талаптар орундалды , анын ичинде 50 метр аралык да, - дейт ал. Ал эми калган көрүстөндөр мамлекеттин балансында турат бизге тийешеси жок. Арысынан бирөө урап жатканын билебиз. Бирок ал биздин аймагыбызда эмес. Эгерде сүрөттөргө ишенсек сак дооруна тийешелүү 6 көрүстөн НКЗ аймагында турат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх