Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык ишкерлер чет элдик ишкерлердин квотасына чектөө киргизүүнү суранышат

«Дордойдун» жетекчилиги кытайдын соодагерлери бааны жасалма төмөндөтүп жатышкандарына нааразы

Чет элдик ишкерлер биздин ишкерлерге бааны түшүрүп салуу менен туруштук бере албай турган жагдай түзүп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Дордой» Бирикмесинин вице-президенти Сергей Пономарев билдирди.

- Биздин ишкерлер дайым эле Кытайга виза ала алышпайт. Кээде Кытайга бара албай калышат, бирок кытай ишкерлери биздин өлкөдө эркин соода кылышат жана жеңилдиктери бар, - деп түшүндүрдү ал.  - Биздин көптөгөн жарандарыбыз насыя алып иштешет, бул иштери менен алар ишкердигин гана тобокелге салбастан үйүн да жоготуп алышы мүмкүн. Ошондуктан кесиптик бирикме алардын кызыкчылыктарын коргоону сунуш кылат.


Сергей Васильевич ишкер-коомчулук тараптан бул көйгөйдү кантип чечүүнүн жолун сунуштап жатышкандыгын белгиледи.
- Азыр өкмөт жаңы токтом иштеп чыгып жатат, анда чет элдик жумушчулардын квотасы каралган. Жылына чет элдик ишкерлерге 2 миң квота коюлган жана ал анын кайсы өлкөдөн экендигине карабайт. Бирок ушул квоталар таза берилип жатабы деген маселе бар. Биз бул квоталар адегенде ишкер-коомчулукта талкууланышын сунуш кылат элем. Андан соң аны мамлекеттик органдар менен макулдашуу керек. Ушундай жол менен көйгөйдү чечсе болот. Мен бул вариантты бир катар чиновниктер менен талкуулап көрдүм, алар чамасы каршы деле эместей бул сунушту караганга.

Түшүндүрө кетели, 17-сентябрда Сооробай Жээнбеков бизнес-коомчулук менен жоолукканда, кесиптик бирикменин башчысы Дамира Дөөталиева кытай ишкерлери бааларды жасалма жол менен төмөндөтүп, жйынтыгында кыргызстандык ишкерлер жабыр тартып жатышкандыгын билдирген.

Ишкер-коомчулук менен бирге жумушчу топту тез арада түзүү керек, чет элдик икерлердин квотасын карап көрүү керек. Ошондой эле кыргыз ишкерлерине виза алуу маселесин да чечүү керек, - деген Дөөталиеванын сөзүн ММКлар келтирди.

Вероника Малышева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх