Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Токон Мамытов – баары жогу жайында адам»

Аскер пенсионерлери атайын кызматтын генералын омбудсмен кызматынан көргүлөрү келет

Аскер пенсионерлери Токон Мамытовдун омбудсмендикке талапкерлигин колдошот. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн ардагери, коргонуу боюнча Мамлекеттик комитеттин Коомдук кеңешинин төрагасы Анвар Сартаев Vesti.kg сайтына билдирди.

- Менин оюмча КСДП генерал-лейтенант Токон Мамытовдун талапкерлигин омбудсмендикке коюп туура кылды, - дейт коомдук ишмер. - Ал коргонуу жана коопсуздук иштерин жакшы билет. Улуттук коопсуздук кызматында иштеди, корго Министрлигинде жетекчи кызматтарда болду, чегара аскерин башкарды, «Кыргызалтынды» жетектеди. Азыр ал Кыргызстан элдеринин ассамблеясы башкарып жатат. Кадыр барктуу.

Сартаевдин ою боюнча, Токон Мамытов - зор тажрыйбалуу адам, эч кандай жаман касиети жок. Токтоо жана ийкемдүү киши.

- Күч кызматкерлери бүгүн Кыргызстанда өгөй баладай, - дейт ал. - Андай орган жок. Омбудсмен бар, бирок ал укукту гана коргойт. Бирок Токондун келиши менен кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо керек деп ойлойм. Ал бул иштин өтөөсүнөн чыгат.

- Конституцияга ылайык, эң баалуу нерсе - бул адамдын укугу, - дейт ал. Коопсуздук кеңешинде кимдир бирөө муну менен алектениши керек.

Эске сала кетсек КСДП фракциясы Токон Мамытовду омбудсмен кызматына талапкер кылып көрсөттү. Ал өзү бул маалыматты эки жолу четке каккан болчу.
27-июнда Кубат Оторбаев өз каалоосу менен өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотту.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх