Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болот Отунбаевге кыргызстандыктар менен алдын алуучу маек кылууга кеңеш беришти

Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчиси мекендештери кирген кафе, спорт залдар жана башка жерлерди кыдырат

Эмгек мигранттарынан мыйзам бузбоону жана кыргыздардын кадыр, баркын кетирбөөнү суранышат.

Москвада Кыргызстандан барган эмгек мигранттары менен алдын алуучу маектешүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз диаспорасы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевге кат жолдоду.

Кыргызстандыктар катышкан  Жол кырсыгы жана ушуга окшогон окуялар бардык мигранттардын жана кыргыз элинин кадырына доо кетирип жатат. Ушуга байланыштуу Москвада жашаган кыргызстандык жарандарга алдын алуучу маек жүргүзүү зарыл, - деп түшүндүрдү «Замандаштын» лидери.

Бул демилгени аксакалдар кеңеши жана координациялык кеңеш көтөргөндүгүн билдиришти.

Болот Отунбаевге жолдогон катта активисттер бирге иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх