Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттүн жаңы аппарат башчысы тууралуу: «Бир гана айыбы - ал кем сүйлөйт»

Шамильбек Асымбековду мурда эле келечеги бар чиновник дешчү

Өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчисинин орун басары азыр бул түзүмдү башкарат. Президент Сооробай жээнбеков тийешелүү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу  Vesti.kg сайты мурдараак жазган.

Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов аны татыктуу жана кесипкой адам дейт.

- Мен өкмөттө аны менен тыгыз иштеп калдым, аны сабаттуу жетекчи катары билем, деди ал  Vesti.kg сайтына. Тапшырма бергенди жана иш алып барганды билет. Эң негизгиси - эл менен иштегенди билет, кызматкерлерди, эксперттерди түшүнөт. Бул деген сейрек кездешүүчү сапат. Кыскасы, ал тажрыйбалуу, таза адам.

Болот Токонович жаңы кызматты Асымбековдун жөндөп кетээрине ишенет. Бул иште ага орун басарлары жардам беришет.

- Жаңы аппарат жетекчинин бир кемчилиги - ал көп сүйлөбөйт, - дейт Мамытов. Бирок бул да кээ бир жерде баалана турган сапат.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов да Шамильбек тууралуу угуптур. Ага чиновниктер бул алыска бара турган киши деп айтышыптыр.

- Бул адамды жаш, келечеги бар, жөндөмдүү деп айтышты, - деп эскерет Кулов. - Бирок мен жеке өзүм аны тааныбайм.

Шамильбек Асымбеков 1963-жылы  14 сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Покровка айылында туулган.

1986-жылы К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун экономика факультетин бүтүргөн.

1999-2000 жылдары КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинде  директордун орун басары болуп иштеген.

2000-2001 жылдары КР эсептөө палатасында башкы инспектор жана начальник болуп иштеген.

2001-2004 жылдары КР ТИМ алдындагы  «Кыргыздипсервис» Мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштеген.

2005-2007 жылдары «Шумкар» ЖЧК менеджер болуп иштеген, андан 2 жылдан кийин парламентте консультант болуп иштеген.

2008-2011 жылдары болсо КР эмгек, миграция  Министрлигин башкарган. 2012-2016 жылдары Кыргызстандын РФ элчилигинде элчинин кеңешчиси болуп иштеген.

2018-жылдын апрелинен тартып КР өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келе жаткан.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх