Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өкмөттүн алмашуусу кышкы даярдыкка жолтоо болот»

Саясат таануучунун премьер-министрге экономиканын өспөй калышы тууралуу суроосу бар

Кыргыз өкмөтүнүн отставкага кетишине азырынча себеп жок. Саясат таануучу, доцент Павел Дятленко ушинтип эсептейт.

- Кыргызстандын саясат айдыңында өкмөттүн отставкага кетиши туралуу ушак кептер тынымсыз жүрүп турат, жылына бир нече жолу, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Азырынча анын кетишине себеп жок.

Эксперт премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир канча убакыт мамлекет башчынын таасири астында иштегендигин эске салды. Экөөнүн ортосунда келишпестиктер азырынча жок, болгон деле эмес.

Кыскасы саясат таануучу премьер-министрге карата экономиканын өспөй калышы жана ЕАЭБдеги артыкчылыктардан пайдалана албай калуунун себептери сыяктуу суроолору бар. Бирок бул суроолорго жооп алууга али дагы убакыт бар экендигине макул.

- Азыр болсо кыш мезгилине даярдык болуп жатат, өкмөт кетип калса, бул үзгүлтүккө учурайт, - деп эскертти Дятленко.

90-жылдан кийин Кыргызстанда бир да өкмөт 2-3 жылдан ашык иштебегендигин саясат таануучу белгилеп кетти.

- Саясий элита өкмөттү алмаштыруу боюнча бай тажрыйбага ээ болду, - дейт ал. 2018-жылы апрельде азыркы премьерди дайындоодо да бул убактылуу эле фигура деген кептер коштогон болчу.

Анткени менен президент Сооронбай Жээнбеков ишкер-коом менен жоолугушуп жатып бул ушактарды четке каккан. Ал премьер регламентте канча көрсөтүлгөн болсо ошончо иштейт деди.

«Өкмөт кетпейт, иштейт. Шайлоо өз мөөнөтүндө болот», - деди Жээнбеков.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх