Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкек шаар кеңешинде жаңы коалиция түзүү - кландык топтор менен макулдашуу»

Эксперт шаардыктардын саясатка көбүрөөк кызыга баштаганына ишенет

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалициялык көпчүлүктүн түзүлүшү Бишкектин азыркы бийликтин көзөмөлүндө болушунан кабар берет. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

- Бишкек шаар кеңешинде жаңы башкаруучу альянстын түзүлүшү - кландык топтор менен болгон жаңы келишим, тактап айтканда түндүктүктөр менен, - деп ишенет ал. - Экономикалык кырдаал мышык ыйлагыдай болуп турат, ал эми оппозиция болсо бул учурдан пайдаланып кетиши мүмкүн. Парламенттик шайлоо да жакындап келе жатат. Шаардын электораты мындай учурда чоң роль ойнойт.

Марс Осмонкулович шаардын эли мурда мынчалык саясатка кызыгышчу эмес дейт.

- Бирок ЖЭБдин авариясынан кийин жарандык коом активдүү боло баштады, шаардыктар саясатка кызыга башташты, - деп эсептейт Сариев. - Андан сырткары, Кыргызстанда ислам факторунун таасири күч алууда, ошондон улам элдин көбү оппозиция тарапка айласыздан кетүүдө. Ал эми бул болсо улуттун акыл эстүү уюткусу, ошондуктан кырдаалды колдон чыгарбай кландар менен келишим түзүү керек.

Эске сала кетсек, кечээ Бишкек шаар кеңешинде кезексиз сессия болуп, анда спикер шайланмак, бирок коалиция урады. Жаңы коалициянын курамына: КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», РАЖ, «Мекеним Кыргызстан». «Кыргызстан» фракциясы болсо оппозицияда калды.    

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх