Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ММБФ банкрот болгон «Эйр Кыргызстандын» башында турган Бектургановду колдойбу?

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов май айында эле компаниянын сөз жүзүндө гана банкрот эмес экендигин байкаган

«Эйр Кыргызстандын» банкрот болгондугу тууралуу кеп көптөн бери болуп жатат. Таабалды Тиллаев («Республика – Ата Журт») бул эмнеге мындай болгон деген маселени көтөргөн болчу.

Парламенттин жыйынына катышып отурган авиакомпаниянын директору Жолдошбек Бектургановго: учактын жоктугун, аларды оңдоого же сатып алууга да акчанын жок экендигин мойнуна алууга туура келген.

«Биз кара тизмедебиз, деди ал. - Европалык компаниялар бизге эки себеп менен лизинг беришпейт: Кейптаун конвенциясын ратификация кылганыбыз жок, анан албетте кара тизмеге киребиз да. Компаниядан банктын кепилдигин сурашат, аны болсо бере албайбыз. Бир учак учуп турса, экинчисинин ресурсу түгөнгөн же оңдош керек, ага болсо акча жок».

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча «Эйр Кыргызстан»  2017-жылдын өндүрүш жана каржы жыйынтыгы боюнча кыргызстандык 100 компаниянын да ичине кирбейт экен. Үч жеке компаниялар топко кирди, ал эми «Эйр Кыргызстан» кирген жок.

Бир убакта өкмөт бул компанияны чет элдик ишкерлерге сатуу маселесин көтөргөн. Германия жана Индиянын инвесторлору кызыгышкан болчу. Бирок алар бул мамлекеттик жападан жалгыз авиаташуу компаниясынын миллиондогон карыздары тууралуу билгенден кийин жаа бою качышкан.

Өткөндө эле бул компания ийгиликтүү ишкана болчу, эсебинде 2,5 млрд сому бар эле. Жолдошбек Бектурганов башкарган 8 жылдан бери буга эмне боду?

2010-жылы «Эйр Кыргызстандын» бир жылдык айланган акчасынын суммасы 54 млн. доллар болгон, ал эми тапкан пайдасы 64 миллион сом болгон. Компания жылына 200миң жүргүнчүнү ташычуу.  Анын балансында 4 Боинг, 2 ТУ-154 жана бакиевдик Beechcraft Super King Air-330 болгон. мунун баарын Бектурганов кайда жоготту?

2010-жылдагы апрель окуясынан кийинки мезгилден баштап авиакомпанияны башкарган түшүнүксүз жагдайлардан баштаса болот ишти. Бирок аны ким териштирет?
8 жыл ичинде авиакомпаниянын паркы 3 эсеге кыскарды: учактардын кай бирин сатып, кай бирин эсептен чыгарып салышты. 2017-жылдан бери  «Эйр Кыргызстан» бир да жолу абага учкан жок.

2018-жылдын июнунда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  «Эйр Кыргызстан» расмий банкрот деп жарыяланбаганы менен иш жүзүндө чыгымга иштечүү компания экендигин билдирген.

Андан бери үч ай өттү. Бектурганов дагы эле компанияны жетектейт. Эмнеге?

Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселеге кызыгышып,  «Эйр Кыргызстан» компаниясын текшерүүнү талап кылышты.

«Сиз эмнеге компаниянын банкротоко учураганы калгандыгын танасыз, көпчүлүк кызматкерлер эс алууга жиберилиптир го?», - деп кайрылды  («Онугуу-Прогресс») Гүлшат Асылбаева  ММБК башчысы  Ренат Түлөбердиевге.

Ал компания пайда алып келип жатат деп жооп берди.

Анткени менен, «Эйр Кыргызстандын» пайдасын жөн эле сөз катары экендигин белгилей кетишибиз керек. Бул тууралуу  ResPublica гезити минтип жазган болчу: Башка бир компаниядан жалданып алынган жападан жалгыз Боингди алар кайра башкаларга  арендага берип жиберишкен. Анын акысы эч нерсени жаппайт. Кыргызстан ал учак үчүн 4,1 миллион доллар төлөшү керек эле. ал эми бүгүнкү күндө карыз 929,8 миң долларды түзөт.

2015-жылы ал Боингди Aerovista FZE компаниясына оңдооту үчүн беришкен жана Cobex Trans S.R.I. румын компаниясына  айына 60 миң долларга кайра арендага берип салышкан. Башкача айтканда «Эйр Кыргызстанга» келчү акча ушул гана.

ММКга авиакомпаниянын  ОсОО S.Group International 1,5 млн сом доо боюнча карыз экендигин билдиришкен. ошонун айынан авиакомпаниянын бардык автоунааларын камакка алып коюшкан.

Кыймылсыз мүлк да баары камакта - Росинбанктын ддосу менен камалган.

Ленин соцфондуна  «Эйр Кыргызстан» 2,5 миллион сом карыз, Кыргызчет камсыздандырууга - 3,5 млн. сом карыз, РФ аба кыймылын көзөмөлдөө мамлекттик корпорациясына 7,6 сом карыз.

Компаниянын активдери карызы үчүн камакка алынган. Кызматкерлер эс алууга коё берилген. айлыктарын болсо бир нече айдан бери бере элек.

Кыскасы мунун баары Бектургановго тийешеси жок, ал өзүнүн 4 миң доллар айлыгын алат, - дейт депутат тазабек Икрамов. Транспорт Министрлигинин айтуусу боюнча 800 доллар алат экен. Бирок айма ай үзгүлтүксүз алат экен.

Ушулардын баарына карабастан туруп ММБФ Жолдошбек Бектургановдун ишине канааттанат экен. Эми ушул компанияны кимдир бирөө саздан чыгара алат деп ойлоого болобу?

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх