Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар ишембиде ишке чыгыштыбы?

Жогорку Кеңеш бүгүн толук жумуш күнү деп айтат. Бирок жумуш тууралуу конкреттүү маалыматты бир гана фракция билет экен

Бүгүн ишемби экендигине жана ырааттуу беш күндүк жумуш экендигине карабастан Кыргызстандыктар бүгүн жумушка чыгышты. Эске салып коёлу, 20-августта өкмөт Курман айтка байланыштуу дем алыш күн жарыялаган болчу, ошого байланыштуу жарандар 4 күн катары менен эс алышкан.


Ал арада Vesti.kg сайты Жогорку Кеңеш эмне менен алык болуп жаткандыгын аныктоону чечти. Анткени жумуш күндөрүн которгондо депутаттар көбүнчө эле жумушка чыкпай коюшат эмеспи.
Белгилей кетсек, парламенттин расмий сайтында бүгүн күн тартиби жок.

Vesti.kg сайты менен баарлашканда депутат Дастан Бекешевбүгүн ЖК отурумду белгилешпегендерин айтты.
- Менин бүгүн жумуш тууралуу жоолугушуум бар, ал эми башкалар тууралуу айта албайм, - деди ал.

Бир катар анын кесиптештери телефон чалганызда жооп беришкен жок.
Аңгыча ЖК маалымат кызматы Vesti.kg сайтына билдирип калды, бүгүн толук жумуш күнү экен. Анткени менен күн тартибинде «Ата Мекен» фракциясынын Таласка кыдырма отуруму гана бар экен.

Түшүндүрө кетели, депутаттардын бир жумалык иши регламентте жазылуу. Дүйшөмбү жана шейшемби күнү комитеттин отурумдары, шаршемби жана бейшембиде пленардык отурум, ал эми жума күнү болсо фракциянын ички иштери болот.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх