Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Райондук администрацияларда мыйзамды эч ким карабайт»

Жогорку Кеңеш кабыл алынган укуктук-нормативдик актылардын аткарылышын көзөмөлгө алышы керек болчу, бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Депутат бул көйгөйдү чечүүнү сунуш кылды

Жогорку Кеңеш кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөл кылышы керек эле, бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Бул тууралуу пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков билдирди.

- Парламент мыйзам кабыл алат, ал эми өкмөт жактырылган нормативдик актылар боюнча токтом чыгарат, - деп эскертти ал. - Бирок токтомдордун мыйзамга каршы келген жактары бар. Райондук жана айылдык администрацияларда ишти аткарууду көбүнчө токтомго таянышат. Мыйзамды эч ким деле карабайт. Ушул жерден түшүнбөстүктөр жаралат.

Туратбек Мадылбекович депутат болуп турганда мамлекеттик кызматкерлердин аларды мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жазага тартышкандыгы тууралуу арыздарын көп учураткандыгын айтат.

- Мен алардан мыйзамды карап көдүңөрбү деп сурадым, - деп улайт кебин ал. - Мага жок деп жооп беришет. Мындай болушу мүмкүн эмес. Кенжебек Бокоевдин бул маселени көтөрүп чыкканы жакшы болду.
Түшүндүрө кетели, депутат Кенжебек Бокоев кесиптештерине ар бир пленардык жыйында бирден мыйзамдын аткарылгандыгын текшерүүнү сунуш кылды.

«Түзөтүүлөрдү көп эле киргизип жатабыз, бирок алар аткарылбайт. Мунун артынан көзөмөл кылуу керек», - деп билдирди ал.  

Дагы бир мурдагы депутат Эльмира Иманалиева ар бир кабыл алынган мыйзам долбоорду көзөмөл кылып отуруу депутаттардын көп убактысын алат деди.

- Бул ой балким жакшыдыр, бирок ар бир мыйзамдын артынан көзөмөл кылып отурганда көп убакыт кетип калат, - деп түшүндүрдү ал. - Жарандар үчүн өзгөчө маанилүү болгон мыйзамдарды көзөмөлгө алса болот. Мисалы, саламаттык сактоо жана билим берүү жаатында.

Өз кезегинде мурдагы депутат, Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңеш көзөмөл кылышы зарыл, эгерде мыйзам аткарылбаса чара колдонуу керек экендигин белгией кетти.

- Бирок балээнин баары нормативдик актылардын ишке ашпай жаткандыгында болуп жатпайбы, - деди ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Эгерде өлкөдө кандайдыр бир өзгөчө кырдаал түзүлсө же жарандар  кандайдыр бир көйгөйгө арызданышса, демек бул мыйзамдын бузулганы болот. Ошондуктан парламент кайсы жаатта мыйзам аткарылбай жаткандыгын аныкташы керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх