Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын тышкы иштер министри кол алдындагыларды "лайк" үчүн жазалайбы?

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин ою боюнча, Эрлан Абдылдаев элчиликте иштеген соцтармактагы досуна нааразы

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын элчилигнде иштеген бир кызматкердин ыйгарым укугун узартпай койгон, анткени алар соцтармактагы достукта келише албай калышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына юридика илиминин доктору Кайрат Осмоналиев айтып берди.

- Балким, Абдылдаев жеке өзү мени жактырбайттыр, бирок министр ушундай иш кылса болобу? - деп таң калат ал. - Менин фейсбукта көптөгөн элчи досторум бар - Чыңгыз Айдарбеков КР Япониядагы элчиси, Максат Тентимишов КР Кытайдагы башкы консулу, КР Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков. Бирок аларга Абдылдаев тийише албайт да, мени элчиликтин рангасы төмөн кызматкерин кара тизмеге киргизип, кызматтан көтөрүлүшүмө зыянын тийгизет.

Кайрат Медербековичтин айтымында, тышкы саясат мекемесинин башчысы анын баракчасын текшерип, Осмоналиевге лайк баскан кызматкерлерди эсептейт.
- Ал тууралуу мурда айтышкан, ал кекчил, жаман адам экен, бирок ушул кылганы туура эмес да,- деп капа болот Кайрат Осмоналиев. Мен капа болдум.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх