Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бул прокурорду Акмат Бакиевди качырганга тийешеси бар деп шектенишкен болчу. Эми болсо, ал омбудсмендикти болжоп турат

Бул акыйкатчылык кызматка талапкердин талаш тартыштуу таржымалы тууралуу эч ким ооз ачпайт

Кыргызстандын омбудсмендигинен беш талапкер үмүт кылып турган чагы. КСДП фракциясы мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовду сунуштады. «Ата Мекен» болсо юрист, парламенттик фракциянын катчылыгынын орун басары Канат Азиздин талапкерлигин койду.  

«Бир Бол» болсо дароо эле үч талапкерди бир чыгарды: ярист, укук коргоочу Рита Карасартова, мурдагы омбудсмен Кубат Оторбаевдин орун басары Маматурайим Момунов жана Рыскул Бактыбаев. 

- Мен алардын ичинен экөөнү бөлүп карайт элем - Рита Карасартова жана Рыскул Бактыбаевди, - деген оюн атат Vesti.kg сайтына мурдагы адилет министринин орун басары, эс алуудагы генерал-майор Кубатбек Кожоналиев. - Алып караганда ушул экөө гана адам укугун коргоо менен алектенгендер. Карасартова сотторго катышып, кырдаалдарды мониторинг кылчу. Бактыбаев болсо башкача коргогон. ММКда калган талапкерлерди кызуу талкуу кылышса, Бактыбаевди болсо нээгедир унутуп калышкан сыяктуу. Анткени менен Рыскул Бактыбаевдин аты бир кезде Акматбек Бакиевдин соту тууралуу бүт Кыргызстанга дүңк деген болчу.

7-апрель тууралуу иш боюнча процессте баш прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев мамлекеттик айыптоочу болгон. 2011-жылы соттолуучунун жактоочусу укук коргоочулар тарабынан 10 камактагы кишилердин сабалгандыгы тууралуу даттанган, Бактыбаев болсо бул маалыматты төгүндөп салган.

Ошондой эле 2011-жылы белгилүү жактоочу Икрамидин Айткуловдун машинасын өрттөөдө катыштыгы бар деп айтып жүрүшкөн. ошолкезде юрист өзү Vesti.kg сайтына Башпрокуратурага келип, 16 мүнөттөн соң чыкканда машинасы өрттөнүп жаткандыгын көргөнүн айткан эле.

- Кимдир бирөөнү дал ушул кылды деп айта албайм, - деп мойнуна алат Айткулов. - Бирок менин оюмча бул иш Акматбек Бакиев менен Рыскул Бактыбаевдин колдорунан келген болуу керек.

7-апрель иши боюнча процессте Икрамидин Айткулов Акмат Бакиевдин каршылашы ишкер Касым Исмановдун кызыкчылыгын коргогон. Анткени ал Рыскул Бактыбаевдин отставкасын талап кылып, аны жоопко тартууну суранган болчу. Жактоочу башкы прокурордун жардамчысы менен Акмат Бакиевдин киришүүсү менен Касым Исмановду мыйзамсыз соттошкондугун беш колдой билген. 2012-жылы мурдагы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев Айткуловду Акмат Бакиевди качырганга катышы бар деп айыптаган. «Рыскул Бактыбаев Акмат Бакиевдин ишин иликтөөдө эң негизги «тормоз» болгон. Ал сот процессинде Акмат Бакиев эч кандай оор жаза албай калуусу үчүн аябай жан үрөгөн», - деп билдирет ал. 

Юристтин ою боюнча Бактыбаев буга өзү кызыкдар болгон. Анткени ал Жалалабаттын прокурору болуп турган учурда, жергиликтүү бир ишкердин бизнесин тартып алууда Акмат Бакиевге жардам көрсөтүп, мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон.

Мына ушундай адам омбудсмендикке келүүнү көздөйт. Айтмакчы, 2013-жылы Рыскул Бактыбаев Чүй облустук прокурорунун орун басарлыгынан омбудсмендикке секирик жайам деп, анысы ийгиликсиз болуп калган.

Эске салып коёлу, омбудсменди шайлоокийинки аптада болот. Ал эми мурунку акыйкатчы Кубат Оторбаев болсо 27-июнда кызматтан өз каалоосу менен баш тартты.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх