Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Республика - Ата Журт» алдыда боло турган шайлоону ойлоп заманасы куурулуп жатат. Акча жок

Депутаттар Бабанов кеткенден кийин  «РАЖ» бир да жолу  саясий кеңешке чогулбагандыгын билдиришти

2020-жылы боло турган шайлоого катышуу тууралуу ойлонгондо «Республика - Ата Журт» жанын коёрго жер таппайт.  Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына «РАЖ» парламенттик фракциясынын мүчөсү депутат Калдарбек Баймуратов айтып берди.

- Албетте, Бабановсуз партиянын чөйрөсү бир кыйла башка нукка түшүп калды, - деп белгилейт ал. Ал күчтүү лидер жана партиянын түзүүчүсү болуп бизге таасир берип турчу. Биз келээрки жылы балким шайлоо тууралуу маселени сүйлөшөөрбүз, бирок азыр буга буямабыз жок. Анын үстүнө бизди каржылоочу бирөө жарымды деле көрө элекмин азырынча. Бирок убакыт көрсөтөт.

Өз кезегинде анын кесиптеши Максат Сабиров Vesti.kg сайтына Бабанов кеткенден бери бир да жолу саясий кеңеш чогулбагандыгын айтып кейийт.

- Биз кантип шайлоого бармак элек, «Республики  - Ата Журт» лидерсиз калган болсо? - деп суроолуу карайт. - Биздин партия капитаны жок кемеге окшош. Бирок, Бабановго карата козголгон кылмыш ишинин токтотулгандыгы жалпыга маалым. Чамасы, анын Кыргызстанга келишине макулдук беришет көрүнөт. Ошондо гана ал партияны өткөрүп бериши мүмкүн. Анан биздин саясий бирикмебизге шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Эске салып коёлу, мурдараак  «РАЖ» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев ММКга бул партиянын иши Бабановсуз эч качан мурункудай болбойт деп билдирген эле.
«Биз эми шайлоого катыша алабызбы деген маселе турат. Акчаны кайдан табабыз? Мен депутаттардын арасынан каржылап жибере турган деле эч кимди көргөн жокмун», - дейт ал.  

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх