Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жогорку соттун төрайымы эпке келе турган киши»

Гүлбара Калиеванын мурунку кесиптеши бийликтин таасирине каршы турууга бүт күчүңдү сарпта деди

Гүлбара Калиева  - Жогорку соттун төрайымдыгына талапкер катары эң жакшы, анын сот системасында кадыр баркы бар. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына КР ЖС Конституциялык палатасынын экс-судьясы Клара Сооронкулова бөлүштү.

- Жогорку соттун төрайымы - мамлекетте төртүнчү адам, ошондуктан бийликтин кийлигишүүсү жок шайлоо өтпөйт, - деп белгиледи ал. - Менин билишимче, сотторду дагы эле курал катары колдонушат. Бул кызматка Калиеванын келиши да - компромисс. Кепке сөзгө келе турган адамды койгондору айдан ачык да. Какайып эпке келбегендерге мындай кызмат беришпейт. Бирок жаңы төрайымга бийликтин таасирине каршы турууга бүт күчүн сарпташын каалайм.

Эске сала кетсек, соттордун чогулу Жогорку соттун төрайымдыгына Гүлбара Калиеваны тандап алышкан.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх