Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Электр станциялары» ишканасынын башчысын мурунку ишинен «кызматтык милдетин аткара албагандыгы үчүн» бошотушканбы?

Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары Эралы Козубаев Алматыда «Кока-Кола» саткан, ал эми анын кесиптеши Бакыт Эсенбаев дизайнер

КСДП ффракциясынын лидери Иса Өмүркулов жыйында кышкыга даярдык өтө жаман экендигин айтты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурда билдиришкен болчу.
Депутаттар өкмөттүн кышкыга даярдык отчётун сындашты. Анткени жылуулук борборунун коромжусу 77% түзөт, ал эми жыл сайын бир 1 км. ашык эмес жерди гана алмаштырышат.

«Кадрлардын жарамсыздыгынан энергетика өлүп баратат, - деди ал. - Эгерде эртең 3 км. жердеги түтүктөр эскирип калган болсо, кыйроого учурайбыз. Эч кандай даярдыгыбыз жок, бир гана кудайдан жардам сурайбыз», - дейт Иса Өмүркулов. 

Кичи ГЭСтерди куруу жана Улуттук энергохолдингдин макамы тууралуу маселелерди чечүү талап кылынат.

Энергетика жатынын эксперти Расул Үмбөталиев эл өкүлүнүн көп нерсесине макул болот. Vesti.kg сайтына айтып бергендей, кышкы мезгилге даярдык чынында эле начар.

- Былтыркы Бишкек ЖЭБдеги авария тузсуздандырылган сунун тартыштыгынан болду. -  деп эске салат Үмбөталиев. - Ал жерде суу менен камсыздоону кургандай болушту эле, бирок долбоорсуз, техникалык-экономикалык негизсиз эле куруп коюшкан. Ишти долбоорсуз жакшыртууга болобу - карап турабыз го. Токтогул ГЭС 2 авариялык абалда иштеп жатат. Өзүңөр карап көргүлө.

Улуттукэнергохолдингдин юридикалык макамы тууралуу юрист качантан бери эле айтып келе жатат. Бул компания өзү мамлекеттик ишкана деп ойлонуштурулган, аягында болсо акционердик коом болуп калды. Бирок мамлекеттин андагы үлүшү болсо 94% түзөт. дээрлик бардык үлүш мамлекеттики болуп жатса, калган 6% үлүшү бар жеке адамдар буга ээлик кылышат.

- Ал эми кен казуу, энергетика жана өнөр жай Мамлекеттик комитети тууралуу мен дайыма айтып келем, - дейт үмбөталиев. - Кантип энергетика менен кен казууну бириктиргенге болот? Бул таптакыр эки башка тармак го. Дагы Улуттукэнергохолдинг деген бар. Бирин бири кайталаган орган болгон жердин баарында коррупция бар. Пайдасыз системаны киргизип салышты ле, мына өнүгүү болбой жатат. Өтүкчүнүн өтүгү жок дегендей.

Ал мамлекеттик эки башка өзүнчө органга кайтып келсек - энергетика Министрлиги жана минералдык ресуртар жана геология Мамлекеттик агентствосуна бир ден бир туура жол болот деп эсептейт.

Кыргыз энергетикасындагы кадр саясаты бирден бир өксүткөн көйгөй деп эсептейт эксперт.

- Мурунку Улуттукэнергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров - энергетик, бирок анын ири ишканаларды башкарууда тажрыйбасы жок, - деп түшүндүрө Үмбөталиев.  - «Электр станцияларынын» башкы директору Аскар Эшимбековду мурунку иштеген жеринен «кызматтык милдетин аткара албагандыгы» үчүн бошотушкан. Ага мамлекеттин үлүшү 50% жогорку болгон ишканаларды башкарууга тыюу салышкан болчу. Улуттук энергохолдингдин башчысынын орун басары эрали козубаев болсо Алматыда «Кока-Кола» сатып жүргөн, анын кесиптеши Бакыт Эсенбаев таптакыр эле дизайн менен алектенген неме.  Анан кайдан жүрүп алар энергетика тармагынын көрөгөчтөрү болуп калат? Мына ушундан улам өнүкпөй жатат. 

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх