Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат терезени күңүрттөөгө уруксат кагазы бар экендигин билдирди. Мындай мыйзамсыз документти ким берген?

ЖКККБ Тзабек Икрамовдун айдоочусуна мыйзамсыз күңүрттөө үчүн гана айып пул салдык деп кайталашат. Уруксат берилгендиги тууралуу жооп алууга мүмкүнчүлүк болбоду

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Sputnik МА журналисттерине анын айдоочусунун терезени күңүрттөөгө уруксаты бар экендигин билдирген. Бирок маичилер бул документтин бар экендигин жокко чыгарышат.

Эл өкүлү анын айдоочусунун журналистке атырылгандыгын окуяны ММКга чыгарып жиберет деп корккондугунан болгон деп түшүндүрдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстанда алдыңкы каптал терезелерди жана маңдайдагы терезени күңүрттөөгө уруксат жок. Кээ бир жогорку кызмат адамдарына гана уруксат берилген, бирок алардын катарына депутаттар кирбейт. Бирок ЖКККБ кызматкерлери дагы бир эреже бузууга «жасалма документ» көзжумуп жатышат. А балким жөн эле көңүл бурууну каалабай жатышкан чыгар.

Ал ортодо Vesti.kg сайты борбор шаардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкармасына кайрылышып, Тазабек Икрамовдун айдоочусунун терезени күңүрттөөгө уруксат документи бар  бекендигин сурады.  

 Бишкек ШИИБ ЖКККБ маалымат кызматынын ага инспекторуЖылдыз Түлеева бул факт текшерилген жок деп жооп берди.

- Эмнени так билгиңиз келип жатат? Мага канча суроо бердиңиз. Күңүрттөлгөндүгүн жаап койду дегендиби! Бул боюнча ( уруксат берүүчү документ тууралуу) мен билбейм. Бирок күңүрттөлгөндүгүн биз жаап салдык го. Күңүрттөлгөндүгүн жаап, айып пул салдык. Урусат берчү документ болгон эмес анда, - деди ЖКККБ өкүлү Түлеева.

Жогорудагыларды эске алып, мындай тыянак чыгарууга болот: Тазабек Икрамов айдоочусунун күңүрттөөгө уруксат документи бар деп жалган айткан, же болбосо ошондой документтин бардыгын жашырып маичилер жаап коюшкан да айып пул салышкан. Бирок эң негизги эреже бузууну жаап коюшуп, чара көрүшкөн жок.

Эске салып коёлу, 2016 жылы алдыңкы жана маңдайдагы терезелерди күңүрттөөгө тыюу салынган.
Күңүрттөөгө кээ бир гана жогорку кызматтагы адамдар акылуу, бирок аларга депутаттардын тийешеси жок. Күңүрттөөгө укугу барлар: Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин спикери жана Жогорку соттун төрагасы.

Андан сырткары, КР УКМКнын 9- кызматы транспорт каражаттарынын терезелерин күңүрттөп жүрүүгө укугу бар, жана жогоруда аталган адамдарды коштоп жүрүүчүлөр гана күңүрттөй алат.
Ошондой эле, атайын кызматтын транспорт каражаттары камакка алынган адамдарды , соттолгондорду  жана инкассацияны ташуучуларды күңүрттөөгө мыйзам уруксат берет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх