Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аманбай Каипов:Кара-Кечеде криминалдык тирешүүлөр алда качан жок болгон

Нарын облусунун башчысы көмүр кенинде бардык иштер токтоосуз жүрүп жаткандыгын билдирди

Кара-Кесе көмүр кенинде криминалдык үстөмдүк жок. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Vesti.kg сайтына билдирди.

Аймактын башчысынын сөзүнө карганда, криминалдык топтордун тирешгүүсү мындан бир топ жыл илгери болгон.

- Андай иштер болгон, бирок 2012-2013 жылдарга чейин болгон, - дейт Кайыпов. - Бүгүнкү күнү баары тынч. Кенге таразалар коюлган. Ошондой эле өткөрмө пункттары бар, ал жерде салык инспекторлору менен милиция отурат. Бардык иш жөнгө салынган. Мурда 250 тонна көмүр казылган болсо, бүгүнкү күндө 900 тонна көмүр казылып алынат.

Кара-Кечедеги башаламандык тууралуу депутат эльвира Сурабалдиева билдирген эле. Анын маалыматы боюнча, ал жерде эки кылмыштуу топтун тиреши болуп, көмүрдүн базарга чыгышына тоскоол болуп турган.
Бул боюнча аймактын башчысы Аманбай Кайыпов бул үзгүлтүккө учуроо техникалык себептерден улам деп жооп берди.

- Кээ бир күнү тазалоо иштери болуп калат. Кээ бир техникалык иштер бир же ки күнгө үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн , бирок андан көпкө эмес, - деп ишендирди ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх