Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Министрдин жардамчысы чайпалганда көйнөгү кусунду болуп калган». Ал эми валерьянка версиясы болбогон кеппи?

Кыргызстандын Кореядагы элчиси көшөрүп эле Сеулдун учагынан түшүрүп салган Зууракан Каденованы мас болчу дейт

Эми министрдин мурдагы орун басары болуп калган Зууракан Каденова учактан түшүрүп салган учурда мас абалда болгон. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан бүгүнкү маалымат конферециясында тактады.                                                     

- Мен бул тууралуу айтууну же айтпай коюуну көпкө ойлондум, - дейт элчи. - Бирок ал ошол күнү алкоголдук ичимдик ичкендигин айтканда гана аныгына көзүм жетти. Ошол күнүн мага чалып Сеул аэропортунда болгон окуя тууралуу айтышты, кыргызстандык аялды диппаспорту менен кошо сапардан калтырып коюшуптур. Ал жерге биздин элчиликтин өкүлү келди. Кийинсерээк ал мага Каденова талтаңдап, андан арактын жыты уруп жаткандыгын жана кусуп көйнөгү булганып калгандыгын айтты.

Анын жанында полиция жана авиакомпаниянын кызматкерлери турушкан.

Элчи Кылычбек Султанов Каденова өзүн агрессивдүү алып жүргөндүгүн белгиледи.

- Медициналык күбөлөндүрмө болгон жок, ошондуктан ал соо болчумун деп танып жатат, - деп айтат ал. - ММКларда маалымат пайда болгон учурда бизге президенттин аппаратынан коңгуроо болду да бул маалыматты таркатпай тургула дешти. Мен кимдин чалганын билбейм. Балким кызматкерлердин бирөө ушундай демилгени өзү көтөргөндүр. Бирок факт бар. Бүгүн маалымат конференциясына чыгып, мен өз кесиптештеримди бир аз оңтойсуз абалга калтырдым. Бирок унчукпай да коё албайбыз, анткени бул маалыматты жашыра албайсың.

Эске сала кетсек, ошол учурдагы социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованы мас болгондугу үчүн учактан түшүрүп салышкан. ошол эле күнү ал чиновник аял кызматынан да кол жууду.

ММКга интервью берип жатып Каденова ичпегендигин, «Корвалол» жана валериянка ичкендигин, анын артынан кола ичип алып өзүн жаман сезип калгандыгын айткан.

Вероника Малышева
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх