Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрдин орун басары Лунара Мамытова Хайнанда өз акчасына эс алып жүргөн

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин жетекчилигинин чет өлкөгө жасаган саякаттары. Мекеме депутаттын айткандарын четке кагат

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева ЖК тийешелүү комитетинин отурумунда эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин жетекчилигин сынга алып, тактап айтканда министрдин орун басары Лунара Мамытованын элчилик паспортту жеке максатына пайдалангандыгын айткан.
Ушуга байланыштуу мекеме Лунара Мамытованын чет элге болгон иш сапары тууралуу түшүндүрмө берет.
 
Лунара Улукбековна эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп 2016-жылы 15-ноябрда дайындалган. бул системадагы ишмердүүлүгүнүн убактысында ал чет өлкөгө болгону үч жолу гана чыккан.
 
2017-жылы 18-29 августка чейин Туринге (Италия) сапарга чыкты, ал жерде Академия МОТтун социалдык коргоо боюнча жетинчи сессиясына катышкан. 2018-жылдын 30 апрелинен тартып 11-майга чейин АКШдагы  «Социалдык коргоонун тармагы боюнча» деген негизги курска катышкан.  Белгилей кетүүгө туура келет, жогоруда аталган иш чараларга министрдин орун басары Лунара Мамытованын атына чакыруу келген жана бардык чыгымдар чакырган тараптан болгон. Бул курстар англис тилинде болгон. Ал эми Хйнан аралы тууралуу болсо айтылган сөздөр чындыкка коошпойт, анткени Лунара Мамытова бул сапарында депутат Аида Касымалиева айткандай элчилик паспортту колдонгон эмес.  Андан сырткары бул сапарга, эмгек өргүү мезгилинде, жеке өзүнүн акчасына барып эс алып келген.
 
Министрликтен Мамытова чет элге сапар алаарында дайыма жетекчиликке билдирип турган деп кошумчалашты. Чет өлкөгө чыгуудагы бардык процедуралар сакталган деп билдиришти андагылар.
 
КР ЭСӨМ маалымат кызматы
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх