Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылычбек Султан катылган сырды ачып адепсиздик кылдыбы?

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчисинин кылган иши боюнча пикирлер  эки ача болуп жатат

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан маалымат жыйынында сүйлөп корпоративдик адепсиздикти көрсөттү, бирок катылган сырды ачып туура эле кылды. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына мурдагы элиликтин кызматкери, саясат таануучу марс Сариев билдирди.

- Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун чирий баштаганы системалык түргө өттү, - деп белгилейт. - Биз дайыма карама каршылыктарды байкап жүрөбүз: саламаттык сактоо Министрлигинде, эми болсо социалдык өнүктүрүү Министрлигинде. Мындай учурда адеп сактоого мүмкүн эмес, жараны ачуу керек.

Ошону менен эле бирге Марс Осмонкулович Кылычбек Султан президенттин кадыр баркына күмөндүү кырдаалга алып келип койду.

- Бул туура эмес, элчинин маалымат каражаттары аркылуу мамлекет башчысына кайрылуусу бул одоно катачылык. Мен анын чиновник катары эмес, жаран катары кайрылганына ишенгим келет. Ал чамасы иштен бошоткону жаткандыгын билип калган, ошондуктан ушул кадамга барган болуусу керек, - деп ой жүгүртөт ал.

Өз кезегинде мурдагы премьер-министр Феликс Кулов  Кылычбек Султан маалымат жыйынында билдирүү жасагандан мурун тышкы иштер Министрлиги менен макулдашуусу керек болчу.

- Элчи - бул аткаруучу бийликтин катарына кире турган адам болуп эсептелет, - деп эскертет ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Бирдеке айтаардан мурун президенттин аппараты менен келишип, ТИМ жетекчилиги менен биргеликте анын саясатын иштеп чыгуу керек болчу. Эгерде окуяны комментарийлөө ушунчалык эле керек болуп жатса, анда болгон жерин айтып, иликтенип жатат деп койсо болмок. ошол эле жетиштүү болмок. Ал чындыкты айтты, бирок ошону менен бирге этиканы бузду деп айтууга толук негиз бар. Жыйынтыгында ал өзүнүн ыйгарым укугунун алкагынан чыгып кеткен.


Феликс Шаршенбаевич  эгерде Кылычбек Султан министрликтин иш аракетин туура эмес деп эсептесе, адегенде кызматтан бошонуп туруп, анан билдирүү бериши керек эле.

- Ал кесипкөй элчи эмес жана мамлекеттик кызматта өтө эле аз иштеди. Ал ошол сүйлөгөн сөзү мамлекеттин кадырына кандай таасирин тийгизээрин алдын ала ойлонушу керек болчу, - деп аяктады Кулов.
Эске сала кетели, Ошол учурдагы социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованы мас экендигине байланыштуу Сеул аэропортунда учактан түшүрүп салды. Ошол эле күнү чиновник аялды кызматынан алып салышты.

ММКга  берген интервьюсунда Каденова спирт ичимдигин ичпегендигин, «Корвалол» жана валерьянка ичип артынан «кока-кола» ичип алгандыгын жана ошондоно кийин ал өзүн жаман сезе баштагандыгын билдирди.

Анын артынан эле Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Кылыч Султан маалымат жыйынында Каденованын сөзүн жокко чыгарды. Ал чиновник аялды көшөрүп эле мас болчу деп туруп алды. Андан сырткары, элчи ага президенттин аппаратынан чалып бул тууралуу эч кимге ооз ачпоосун өтүндү деген. Ал эми аппараттагылар анын айткандарын төгүндөдү.
Бүгүн тышыкы иштер Министрлиги Кылычбек Султандын иаалымат жыйынында сүйлөгөн сөзү элчилик адептин нормаларын бузуу деп атады. Тышкы саясий иштер мекемесинин башчысы Эрлан Абдылдаев президентке аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушту жолдоду.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх