Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын экономика министринин кеңешчиси Корея барып, семинарга кирүүнүн ордуна кабагына пластикалык операция жасатканбы?

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутатына мекеменин катардагы кызматкерлери айтып беришкен

Сеулдагы эмгек жана өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын окуясынан кийин депутаттар жана коомчулук чиновниктердин «саякаттарына» кызыгып калышты.  

Бул өңүттө талкуулоону улантып Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева  өзүнүн Twitter-аккаунтунда экономика министринин кеңешчиси командированы жеке максатына пайдалангандыгы тууралуу билдирди.

«Иш сапарлар тууралуу аябагандай көп каттар келип түшүп жатат. Мага КОИКА долбоорунун катардагы кызматкерлери чыгышты, социалдык өнүктүрүүнүн мурдагы министри жасаган и сапары тууралуу айтышты. Алар экономика министринин кеңешчиси Айнура Жакыпова 10 күн семинарга катышпай өзүнө пластикалык операция жасаткандыгына арызданышат», - деп жазат Аида Касымалиева.  

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх