Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратура: эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин жетекчилиги элчилик паспортту өз максатына пайдаланган

Башкы көзөмөлдөөчү орган текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында чиновниктерге болгон шектенүүлөр такталды

Башпрокуратура социалдык өнүктүрүү жана эмгек Министрлигине жүргүзгөн текшерүүлөрдүн алкагында Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция тууралуу» мыйзамын, КР элчилик жана кызматтык паспортунун пайдаланылышы тууралуу эрежелерди бузуулар аныкталган.    

2018-жылы 12-сентябрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинде иштеп жаткан жана кызматтан бошотулган кызматкерлери тарабынан элчилик паспортту туура эмес пайдалангандыктары үчүн Башпрокуратура тарабынан административдик мыйзам бузуулар өндүрүшкө киргизилип козголду жана материалдар иликтөө үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.
 
Андан сырткары, текшерүүнүн жүрүшүндө элчиликтин паспортун жеке максатка министрликтин жетекчиликтери пайдаланып жүргөндүгү аныкталды.  

Учурда аталган мекемеде текшерүү уланып жатат, жйынтык жыгарышса министрликтин кызмат адамдарынын иш аракеттерине юридикалык баа берилет.

Башпрокуратуранын маалымат борбору
Сүрөт www     

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх