Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экономика министри командировка учурунда кабагына операция кылдырды деген кеңешчиси тууралуу айтып берди

Олег Панкратов ал кыздын бир күн семинарды калтыргандыгы тууралуу билдирди, бирок анда башка себеп менен калтырган...

Экономика министринин кеңешчиси Айнура Жакыпова Түштүк кореядагы КОИКА компаниясынын семинарынын сабактарын калтырган эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин башчысы Олег Панкратов өзү билдирди.

Анын айтымында, Жакыпова ден соолугуна байланыштуу бир гана күн калтырган.

- Адегенде алкыздын коомдук кеңешчи экендигин белгилей кетели, башкача айтканда бюджеттен каржыланат, - деп түшүндүрдү министр. - Демек ал мамлекеттик кызматкерлерден талап кылчу нерселерге тушукпайт. Окууга болсо компаниянын эсебинен барды. Калтырып койгон күндөрү боюнча болсо, мен кызматкерлерден сурадым. Мага ал бир күн гана калтыргандыгын айтышты. Ооруп калыптыр ошол күнү. калган 9 күнгө толук катышкан.

Олег Михайлович КОИКА компаниясынан экономика Министрлигине катышуу боюнча доомат болбогондугун кошумчалады.

- Ошондуктан мен бул маалыматтын анык экендигинде шегим бар жана бул тууралуу депутатка ким жеткиргендигин билбейм, - деп сөзүн бүтүрдү Панкратов.
Эске салсак, мурда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өзүнүн Твиттер аккаунтунда министрдин кеңешчиси командировканы жеке максатына пайдаланды деп жазган эле.

Депутаттын маалыматы боюнча, Айнура Жакыпова семинарды калтырып кабагына операция кылдырып, сурма жасаткан.  

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх