Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда бар болгону бир гана мамлекеттик учак бар - бул шермендечилик»

«Ачык асман» саясаты Кыргызстандын пайдасын көздөбөйт деген ойлор бар

Кыргызстандын бир гана мамлекеттик учагы бар - бул шермендечилик. Мындай деген оюн  Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын авиаторлор бирикмесинин төрагасы Каныбек Калмурзаев билдирди.

- Бийлик «ачык асман» саясатын өнүктүрүү керек дейт, бирок биз мурда деле чет элдик компаниялардын Кыргызстанга учуп келишине тыюу салган эмеспиз, - деп белгилейт ал.  Бир гана суроо керек. Кыргызстандын авиациясын күчөтүү керек деп Казакстан чек арасын жаап алганда айтышты эле. Бирок бизде учак жок. Кантип аны өнүктүрөбүз? Алтургай көп жылдар бою жарандык согуш болгон Тажикстанда да 18 мамлекеттик аба лайнери бар. Ал эми биздин болсо бир гана ТУ-154 бар, аны да жеке адамдар пайдаланышат.

Каныбек Калмурзаевич авиация транспорт Министрлигинде туруп, алар жетиштүү көңүл бурбагандыгы үчүн өнүкпөй жаткандыгыбызды айтат.

- Авиацияга каражат бөлүнөт, гранттарды аябай эле алышат, - дейт ал. - Антсе деле болбой эле «ачык асманга» акча жетишпейт, башка өлкөдөн келип биздин аба мейкиндигибизги кирсин учактар деп эле кашайышат.

Түшүндүрө кетели, транспорт, коммуникация жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү «ачык асман» долбоорун этап менен ишке киргизүүнү сунуш кылышты.  

Өз кезегинде депутат Улукбек Ормонов «ачык асман» биздин авиациябызды жок кылып жатат деп билдирди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх