Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Башпрокурор президенттин аброюн коргойт, албетте ал суранса гана»

Мыйзамга ушундай түзөтүү киргизүүнү депутат Исхак Масалиев сунуш кылды. Эксперттер бул демилгеге ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышты

Депутат Исхак Масалиев «Президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдик» тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуш кылды. Бул сапар депутат мамлекет башчынын кадыр, баркын коргоо тууралуу берене тууралуу да сөз козгоду.

- Конституциялык сотто башпрокурордун мамлекет башчынын кадыр, баркын коргоого милдеттүү экендиги тууралуу маселе каралат. Ошондуктан биз бул мыйзамга түзөтүү киргизүүнү чечтик, - деп түшүндүрдү Исхак Апсаматович өзүнүн демилгесин Vesti.kg сайтына. - Мен бул түзөтүүнү киргизүүдө бир нерсени тактап коёюн дедим эле. Коргоону президенттин кат жүзүндөгү кайрылуусунан кийин гана башкача айтканда бул жерде жарандык мамиле болуш керек. Убакыттын өтүшү менен коом да, президент да буга көнөт. Биз президент жактоочу жалдап сотто кызыкчылыгын корготот турган деңгээлге жетишибиз керек.
Бирок, депутаттын ою боюнча, соттордун президенттердин пайдасына чечим чыгарышына  тобокелчилик пайда болуп калат.

- Сотторду президент дайындайт, ошондуктан мындай иштин жыйынтыгы белгилүү болот, - деп чочулоосун айтат Масалиев. - Бирок бул түзөтүү Конституциялык сот бул маселеге чечим чыгаруусу үчүн зарыл. Демейде баары тескерисинче болот, анан депутаттар башын оорутуп отурушат, мыйзамды кантебиз деп. Убактылуу өкмөттүн декреттери да ушундай болгон. Мүлктөр конфискация болгон, бирок бир да кылмыш иши же айыптоо жок.

Өз кезегинде мурунку башпрокурор Кубатбек Байболов кадыр барк тууралуу иштерге прокуратура такыр аралашпашы керек дейт.

- Кылмыш-процессуалдык мыйзамы айыптоону эки түрдө карайт: жеке жана жалпы, - деп эскртет ал Vesti.kg сайтына. Адамды кемсинтүү - бул жеке айыптоого кирет. Эгерде киши өзүнүн укуктарын тебеленди деп эсептесе, ал сотко кайрылып, иш козготсо болот. Бул жерде прокуратуранын тийешеси жок. Ушул милдеттерди жөнөкөйлөтүш керек.

Кубатбек Калбекович бул сунуш жыйынтыгын бербейт деп белгиледи.

Башпрокурордун мурдагы орун басары Кубатбек Кожоналиев башпрокуратуранын президенттин кадыр баркын корогоосун туура көрөт.

- Конституцияда баары мыйзам алдында бир деп жазылган, бирок башкалардан бир аз өзгөчө адамдар бар, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. Кодексте прокурор психикалык жана физикалык жактан алсыз адамдарды коргойт деп жазылган. Президент андай эмес да. Бирөөңөр көрдүңөрбү прокурордун согуштун ветеранына же афганчыларга жардам бергенин. Жок андайды уккан да эмессиңер. Ошондо элге бир мыйзам, а бийликке башка мыйзам болуп калып жатат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх