Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин алып салууну парламентке өткөрүп берди»

Депутат сот так чечим чыгарганга батына алган жок деп айтат

Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин алуунун жолун гана көрсөтүп туруп, аны аткаруу милдетин өкмөт менен парламентке түртүп койду. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына бул долбоордун демилгечилеринин бири депутат Исхак Масалиев билдирди.

- Конституцияда кол тийбестик аз гана адамдарга каралган: Иштеп турган мамлекет башчыга, ЖК депутаттарына жана иштеп турган сотторго, - деп эскертет эл өкүлү. - Ал эми экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам болсо парламент аркылуу жөнгө салынып турат. Ошондуктан Конституциялык палата так чечим чыгарганга даай алган жок. Менин корккконум бул мыйзамды талкуулоо учурунда Жогорку Кеңеште эки ача ой пайда болуп, боткосу чыкпаса эле болгону.

Исхак Апсаматович кол тийбестик чексиз жана шарттуу болоорун кошумчалай кетти.

- Парламенттин депутаты кол тийбестикке ээ болуу менен бирге эле оор кылмыш кылган учурда аны парламенттин уруксатысыз эле жоопко тарта берет, - деп түшүндүрдү ал. - Президент кол тийбестикке ээ, бирок прокурордун сунушу менен ага импичмент жарыялаганга болот. Чамасы, Конституциялык палата ушул татаал жол менен барууга ишаарат берип атат окшойт.

Эске сала кетсек, Конституциялык палата «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамдын 12-беренеси конституциялык эмес экендигин тааныды. Демек бул деген экс-президенттен кол тийбестикти алып салуу мүмкүн экендигинен кабар берет.  Мындай өтүнүч менен жарандык активист нурбек Токтосунов чыкты.

Ал арада ушул эле демилге менен Курманбек Зулушев жана Исхак Масалиевдер чыгышты.

Эл өкүлдөрү президент иштеп турган учурунда гана кол тийбестикке ээ болот деп жазууну сунуштап жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх