Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмине Эрдоган тыгында: Милиция жетекчилери кызматтан алынды.

Туркиянын биринчи кан айымынын  жол тыгынында калган окуясынан кийин ИИМдин ЖКККББнын начальнигине  катуу сөгүш  берилди

Эмине Эрдогандын  кырчын капчыгайынын  чыга беришинде  жол  тыгынында калган  окуяга  жол берген   Кыргызстандын ички иштер органдарынын жооптуу кызматкерлери жазасын алышты.  

Vesti.kg  маалымат агенттигине   ички иштер министрлигинин   басма сөз кызматынан билдиришкендей,  бул факты боюнча кортежди коштоп жүргөн тиешелүү структуралардын кызматкерлери менен жетекчилерине дисциплинардык  жаза берилди.    

- ИИМдин  ички  тергөө  кызматы  тарабынан  жүргузүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, ИИМдин ЖКККББы  жана Ысык-Көл облусттук ички иштер башкармалыгынын   айрым кызматкерлери  тарабынан  ИИМдин буйруктары жана функционалдык милдеттери  , анын  ичинде  “Кортеждерди жана атайы  багыттагы  автомобилдерди  коштоону  уюштуруу , ишке ашыруу  боюнча инструкция”  тууралуу   ИИМдин  буйругу  толук аткарылбагандыгы  аныкталды.  Ошондой эле эл аралык  маанидеги иш-чараларды өткөрүүдө тиешелүү  чараларды камсыз кылуу  боюнча коюлган милдеттер  тиешелүү деңгээлде  аткарылган эмес. Натыйжада  “Кырчын этношаарасынын” аймагында  расмий  делегаттардын кортежин  тоскоолдуксуз өткөрүү  камсыздалган жок – деп айтылат  ведомствонун маалыматында.    

ИИМ ошондой  эле  КРнын  “Ички  иштер органдары  жөнүндөгү  дисциплинардык уставдын”  пункттарынын  талаптарын   бузгандыгы  ,  коштоону уюштуруу боюнча инструкцияны, кызматтык милдеттерди так  аткарбагандыгы   үчүн   төмөңдөгү кызматкерлер дисциплинардык   жаза  алышты:

-  Патрулдук жол кызматы  жана  админстративдик чара көрүү башкармалыгынын    башчысынын орун басары  К.К. ээлеген кызматынан бошотулду.   
-   Ысык-Көл  областы  боюнча    ЖКККБнын    орун басары    М. А.   ээлеген кызматынан бошотулду.
-  ИИМдин   ЖКККББнын   начальнигине  катуу  сөгүш  жарыяланды .
- Ысык-Кол областтык  ИИБнын  башчысына   кызматына  ылайыксыздык  эскертүүсү   берилди
 
Мындан тышкары  ИИМдин   ЖКККББнын  буйругу менен  Ысык-Көл областы  боюнча    Патрулдук жол кызматы  жана  административдик чара көрүү бөлүмүнүн  башчысы  Н.Т.  ээлеген кызматынын бошотулду.   

Ошондой эле  Туп районундагы   ЖКККБнын   кичи инспектору  Ш.Д.  жана Нарын областындагы   ЖКККБнын   башкы инспектору   Э.Б.  кызматына  ылайыксыздык  эскертүүсү   берилди.

Эске салсак, буга чейин   Кырчындагы   этношаарчадан  чыга бериште Түркиянын биринчи кан айымы  Эмине Эрдоган  бир саат жол  тыгында калгандыгы   кабарланган.   

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх