Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-премьер: бийликте уурдап-жеп, качканга аракет кылгандар бар.

Кыргызстанда  кадрларды тазалоо  керекпи?   Мурунку  окмот башчыларынын  ойлору ар кандай нукта

Кадр  тандоо маселеси окмотто коп жылдан  бери ото курч  маселе болуп келет, себеби,  парламент фракциялары озунун  жакындарын, туугандарын сунуш кылышат.  Мындай оюн  кыргыз окмотунун  экс-вице премьер- министри  Абдрахман Маматалиев билдирди.

 - Кобунчо атка минерлерлер керектуу  иш тажрыйбасы  жок  жана   иш билги эмес.  Негизи эле, мамлекеттик  кызматка  кадр  тандоо боюнча   керектуу мыйзам кабыл алыш керек.  Мисалга алсак,  сотторду тандаганда атайын  талаптар бар.  Эмнеге, мындай   схеманы  мамлекеттик  кызматкерлерди тандоодо колдонсо болбойт?  Окмот куралып жатканда, мен  озумдун талапкерлерге талаптарымды  койгом: кесипкойлук,   озунун  тармагындагы  иш тажрыйбасы мол болгонун,  абийири  таза, дагы  бир талап  ал мамлекетчил  болуп, оз мекенин суйуш керек,- деген. Баардыгы менин пикирим менен   макул болушкан, бирок,  кийин  фракциялар оз  талапкерлерин  корсотушкон.

Абдырахман Мадакимовичтин айтымында,  бир кызматты  ээлегенден мурда,    атка минээр мамлекеттик кызматтын баардык тепкичтеринен басып отуш керек.

-  Японияда  сабаттуу   кадр пайда болсо, аны дароо кызматка дайындашпайт, бирок озун корсотконго  убакыт жана мумкунчулук  беришет,- деп мисал келтирди. – Бизде  жаш кадрларды  окмотко шайлашты,  бугун алардын  кобу абакта отурат.  Негизи, баардыгын изилдеп чыгыш керек:   кызматкер кайдан келди  жана  ким болуп иштегенин.  Биздин мамлекетте жумушу жок жургон  тажрыйбасы  быр  кадрлар  ото коп, ошол эле учурда  кызматтарды  бедели таза эмес  кишилер  аркалашат.  Сапар Исаковдун окмотундо кыйын делген  чет мамлекетеги окуу жайлардан билим алган кадрлар бар эле,  бирок алардан пайда аз болду.  Мен иштеген убакта,  окмотто  чет элдик консультанттар болгон, алар эч жумуш жасабай  эле, чон  суммадагы  айлык маяна алышчу.  Менин оюмча, биз чет элдик  кызмакерлер жок эле, оз кучубуз менен иштесек болот.

 Ошол эле учурда,    экс-премьер-министр Феликс Кулов Vesti.kg менен маектешип жатып,  мамлекетти кезектеги кадрдык «тазалоо» куткарбайт,- деген оюн билдирди.

 Автоматтык турдо,   аткарылган иштин катарына   «кызматкерлери жумуштан бошотууну» кошуп кою-  бул  туура эмес.  Анда, бизде окмот алмашса эле «тазалоону»  жургузуп туруш керек болуп атпайбы.  Бул  эч  жакшылыкка алып келбейт.  Башкаруунун  жаны  принициптери жонундо ой жугуртуш керек,   мисалга алсак   - холакратия, башкача айтканда  туз башкаруу.  Бул жагдайда  кызматкер  оз айланасындагы ишке жооп берет жана  кандайдыр бир оз алдынчалуулук пайда болот.  Азыр башчысы  качан  тапшырма берет деп кутуп отурушат.   Мурда  бул   кыйын эле, бугун биз  жаны  нерселерди кабыл алууга даярбыз.

 Феликс Шаршенбаевич айткандай,  кезектеги кадр тазалоо  чет элдик инвесторлорду  чочутушу мумкун.  

 
-  Мамлекеттик кызматкерлерди  алмаштыруу  революцияга барабар,- дейт ал.  Инвесторлор,  кадр алмашуу процесси  буткучо кутушот.  Жанычылдыктарды  киргизуу учун, батыштын  шартында иштеп коргон жаны кадрларды алып келиш керек.  Балким,    мамлекетке жаны нерселерди киргизу учун  комок корсотууго чет элдик  консультанттар  керек.     Бугун бийлик   «шал» болуп калгандай.  Эч ким кыймылдагысы, мойнуна жоопкерчилик алгысы келбейт. Эртен прокурор сурашы мумкун: «эмнеге сен  тендерден эн арзанын тандагансын,   тиги жерде,  кичине кымбатыраагы, бирок сапаттуусу турганда?»,- деп.   Башка тарабын карасак, бизде эртерээк «жулуп-жеп» качаканга даяр тургандар бар.  Ан- сезимди ондош керек.

Эске салсак, бугун,  парламенттин СДПК фракциясынын жыйынында,    депутат Ирина Карамушкина  кадрдык тазалоону талап кылды.

«Кээ бир кызматкерлердин кадрдык потенциалы,  кучу жок калган, бирок ал бироонун жакыны же тууганы.  Калкалоону токтоткула. Биздин моюнда отургандардан арылыш керек. Мамлекетке  чет элдик кызматкерлер зарыл,-  деген цитатасын  жергиликтуу ЖМКлар келтиришти.

Вероника Малышева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх